Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Карамушкина: Эгерде мага КСДП фракциясынын лидерлигин сунушташса, мен баш тартам

Иса Өмүркуловдун ордуна талапкерлер азырынча жок. Андай кудай берген адамды табуу да оңойго турбайт

КСДП парламенттик фракциясынын лидеринин орду көпкө чейин бош калышы мүмкүн. Мындай деген пикирин  Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марат Казакпаев бөлүштү.

- Анткени КСДП фракциясы партия катары эки тарап болуп бөлүнүп калышты, - деп түшүндүрөт ал. - Ошондуктан лидерлик үчүн кандайдыр бир күрөш болуусу күтүлөт. «Социалөдемократтарга» бул маселени чечүү оңойго турбайт. Бул кызмат көпкө чейин бош калуусу толук мүмкүн.  

Өз кезегинде дагы бир саясат таануучу Марс Сариев КСДП фракциясын бийлей турган адам эми чыгышы кыйын деп божомолдойт.

- Лидер болгон адамдын кудай берген касиети бар  жана тажрыйбалуу депутат болушу керек, - деп ой жүгүртөт Марс Сариев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Азыркы курамдагылардын бири да жарабайт. Ошондуктан мындай кырдаалга алардын катарынын ыдырашы таасир берип жатат.

КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина Vesti.kg сайтына бүгүнкү күндө фракциянын жаңы лидерлигине талапкер жок деп билдирди.

- Мен саясий кеңешке Өмүркуловду бошотуу тууралуу чечимди жолдодум, - деп маалымдады ал. - Ал муну туура кабыл алат деп ойлойм. Биз лидердин маселеси бүгүнкү фракциянын жыйынында чечилет го деп ойлогонбуз. Бирок белгисиз себептер менен токтотуп коюшту. Бул кызматка талапкер азырынча жок. Бирок, бул кызматка кандайдыр бир басымдан коркпогон адам керек. Кандай болгон күндө да сунушталган талапкер саясий кеңеште каралат.

Ирина Юрьевна эгерде аны фракцияны башкар деп суранышса, баш тартаарын кошумчалады.

- Мен КСДПнын шаардык бөлүмүн ансыз деле башкарып жатам, - деп эскертет депутат. - Андан сырткары, менин партиянын төрагасынын орун басары деген кызматым да бар.

Вероника Малышева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх