Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан Сарбанов: Абдыгуловдун ссудасын мыйзамдуу түрдө кечип салышкан. Ал эми анын Улуттук банкка кайра келиши башка маселе

КРУБ мурдагы башчысы Улуттук банк коммерция менен алектенгенге укугу жок болуп жана көп айлык акы ала албай калганда ал адамдын карызын доолай албай калат деп түшүндүрдү

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ссудасын кечип жиберүү анын биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалышына байланыштуу, анткени ал төлөй албаган нерсени банк доолай албайт. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбанов КР УБ акыбалды ушундай деп Vesti.kg сайтына түшүндүрдү.

- Башка кызматка өтүү менен Улуттук банктын төрагасы алган айлыкты ала албай калат, - дейт ал. - КР УБ эгерде чиновниктин айлыгы ссуданы төлөгөнгө жетпесе аны доолаганга акысы жок. Анын үстүнө аны мыйзамсыз акча табуунун жолуна түртпөө керек. Ошондуктан кечип жиберүү туура эле болот. Толкунбек Абдыгуловдукундай кырдаалга туш болгондордун баарынын ссудалары кечилген. Ал эми Абдыгуловдун кайра кайтып келиши болсо - башка кеп.

Мурдагы төрага Улуттук банктагы абал мыйзам бузууга барбайт деп жыйынтыктады. Анткени менен ал теория менен иш жүзүндө айырма өтө чоң болоорун мойнуна алды.

Эске сала кетсек, Vesti.kg сайты Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 5 млн. 500 миң ссудасын биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган соң кечип жибергендигин жазган. Бул «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо тууралуу» абалдын негизинде ишке ашкан.  
«Бул абалда кызматкерлерди турак жай менен камсыздоо максатында, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 71-беренесине ылайык, берилген ссуда  кызматкер өлгөн учурда, 1-2 топтогу майып болгон учурда жана республиканын экинимикасына жана банк системасына сиңирген эмгеги үчүн кечилип жиберилиши мүмкүн» - деп айтылат маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы 25-августта биринчи вице-премьер-министр кызматын ээледи. 2017-жылы 21-декабрда. 2017-жылы 23-ноябрда вице-премьер-министр болуп калды. 2017-жылдын 21-декабрында ал кайрадан Улуттук банктын төрагалыгына кайтып келди.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх