Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК издөөдө жүргөн Шадиевдин депутаттарга жөнөткөн арызына кызыккан да жок

Эксперт чекисттер бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштерин иш сотко өтүп кетсе деле улантса болмок деп эсептейт

УКМК издөөдөгү Аскарбек Шадиевдин фракциядан чыгуу тууралуу арызы текшерилеби же жокпу айта албайт. Бул туурасында Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Бул иш боюнча иликтөө бүткөн, бардык материалдар сотко өткөн, - деди ал. - Эми Шадиевге байланышкан маселе соттун юрисдикциясынын алдында турат.

Өз кезегинде УКМКнын Коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиевдин ою боюнча Аскарбек Шадиевди издөөнү улантышса болмок.

- Шадиевдин арызына 24-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы бөлүмүндө кол коюлган, штампка караганда ал арыз 1-ноябрь күнү келип түшкөн, - дейт ал Vesti.kg сайтына.

- Кыргызча жазылган арызда Шадиев фракциядан чыккандыгы тууралуу билдирет. Ушул себептүү фракция аны чыгарууга токтом чыгарды, БШК болсо анын ыйгарым укугун токтотту. Шадиевдин ишинин ырааттуулугу боюнча чынында эле ишке эми сот жооп берет. Бирок ошону менен бирге эле ыкчам иликтөө иштери токтотулбайт.

Кайрат Медербекович сыртынан соттук кароо дүйнөлүк практикада жок экендигин кошумчалады.

- Максим Бакиевди жана анын үй бүлөсүн сыртынан соттогондо жаман окуялар пайда болгон, - деди юрист. - Мейли, тергөөнү кантип сыртынан кылышат. Бирок сот жараянында айыпталуучу жок болсо анын коргонууга болгон укугу бузулат. Ал каршылык кыла албайт, акыркы сөзүн да айталбайт жана башка дегендей. Арийне, Шадиевдин жазган арызына УКМК кызыгышы зарыл. Мүмкүн ал Бишкектин бир жеринен туруп алып өзү бергендир? Дагы бир жагы, ал арыз жасалма да болушу мүмкүн. Эртең Аскарбек Шадиев келип алып айтышы мүмкүн, менин ыйгарым укугумду мыйзамсыз алып салды деп. Азыр бардык жоопкерчилик «Бир Бол» фракциясында турат. Ошондуктан ыкчам иликтөө иш чараларын токтотпоо керек.  

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты БШКнын Аскарбек Шадиевдин ыйгарым укугун алып салгандыгын жазган болчу. БШК муну «Бир Бол» фракциясынын чечиминин негизинде ишке ашырган. Саясий бирикменин катчылыгында Шадиев өзү фракциядан чыгам деп арыз берди деп Vesti.kg сайтына билдирген.

Аскарбек Шадиевди кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы , мамлекеттик чегараны мыйзамсыз кесип өткөндүгү жана кылмыштуу жол менен түшкөн кирешени мыйзамдыштыруу боюнча айыптап жатышат.

Азыркы күндң Шадиевдин кайда экендигин эч ким билбейт. Эл өкүлүнө эл аралык издөө жарыяланган.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх