Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын өкүлдөрү Иса Өмүркуловго нааразычылык качан пайда боло баштагандыгын айтып беришти

КСДП: Өмүркулов Сапар Исаковдун кызматтан алган учурда эле өзүн өзү жокко чыгарып алган

«Социал-демократтардын» саясий кеңешинин адегенде Иса Шейшенкуловичти партиядан чыгаруу ниети болгон эместиги аныкталды.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын мүчөлөрү менен жоолугушкандыгы үчүн партиядан чыгарылган жок. Бул туурасында  Vesti.kg сайтына саясий бирикменин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Иса Шейшенкулович көп убакыт бою саясий кеңештин жыйынына келбей койгон.

- Иса Өмүркулов Жогорку Кеңештин депутаттары Спар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөй койгондо эле өзүн өзү жокко чыгарып алган, - деп түшүндүрдү Жолдубаева. - Ал фракциянын лидери катары партмия менен чогуу иштеши керек эле, анткени ал парламентте КСДПнын депутаты да. - Ага Жогорку Кеңештеги фракцияны башкаруу милдети жүктөлгөн, бирок ал КСДПдан таптакыр эле кол үзүп кетти.

Ал 31-октябрда болгон КСДПнын саясий кеңешинде адегенде аны партиядан чыгарууга ниеттенген эмес болчу деп кошумчалады.

- Ал партиянын лидери менен жоолукпай, жыйынга келбей койду, - деп эсептейт маалымат катчы. - Азыр болсо баары «КСДП Атамбаевсиз» деген кымылдын өкүлдөрү менен жоолугушкандыгы үчүн партиядан чыгарылды деп жатышат. Бирок мындай маселе адегенде болгон эмес. Биз ага расмий түрдө жыйын болот деп билдирдик. Бирок ал келбей койду. Жыйынтыгында саясий кеңеш ушундай чечим чыгарды.

Ошону менен бирге Жолдубаева «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылды Иса Өмүркуловдун колдоору тууралуу маалыматка партия ээ экендигин белгиледи.

- Ал муну азыр танса да, бизде башка да маалыматтар бар, - дейт Жолдубаева. - Анын үстүнө аны партиядан чыгарууга мен жогоруда эсептеген себептер кошумча болду, башкача айтканда партиянын уставына тапшырмасына каршы иштерди жасады.

Сөзүнүн аягында КСДПнын маалымат катчысы Иса Өмүркуловду Сапар Исаковду отставкага кетиргенде эмнеге партиядан чыгарбагандыгын түшүндүрө кетти.

- Биз күттүк, - дейт Кундуз Жолдубаева. - Кантсе да ал фракциянын лидери эле да. Дайыма боло турган жыйын тууралуу ага билдирип, күтүп жүрдүк.

 

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх