Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсалов 40 күндүн ичинде Атамбаев КСДПны таштап кетет деп болжолдойт. Партиядагылар айтышты

«Социал-демократтар» социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары тууралуу ойлорун айтышты

Эдил Байсаловдун 40 күндүн ичинде Атамбаев КСДПны таштап кетет дегени жалган жаңылык экен. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина билдирди.

- Эдил Байсаловдун бул партияга эч кандай тийешеси жок, - деп белгиледи эл өкүлү. - Убактылуу өкмөттүн учурунда ал жогорку кызматты ээлеген. Социалдык өнүктүрүү Министрлигинде жогорку кызматты ээлеп, бүтүндөй жамаатты башкарган. Ошол убакта өкмөт муну бул кызматтан четтетип салган. Байсалов партиянын ишине сөз кошконго акысы жок, анын үстүнө Атамбаев тууралуу сүйлөгөнгө укугу жок. Ал эч кандай жумуш аткарган эмес. Анын кайсы бир митингге катышып, анан чет мамлекетке качып кеткенин билебиз. Мисалы, Атамбаев эч качан чет мамлекетке качкан эмес. Эң оор күндөрдө да качпай турган. Байсалов болсо, өлкөдөн качып кеткен, партияны да таштап.

Ирина Юрьевнанын сөзү боюнча, Алмазбек Атамбаев КСДПны таштап кетпейт.

- Атамбаев КСДПны таштап кетпейт, - деп кайталады эл өкүлү. - Тескерисинче, биз азыр партиянын өнүгүшүн күчөтүп жатабыз. Сандан сапатка өттүк, партиянын белетин алмаштырабыз. Анткени ким мындан ары партияда калаарын так билишибиз керек. Ал эми Эдил Байсаловдун билдирүүсү - бул жөн эле табалагандык.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да Атамбаев 40 күн ичинде партияны таштап кетет деген маалыматты четке какты.

- КСДПга Эдил Байсаловдун кандай тийешеси бар? Келгиле адегенде ушундан баштайлы, - деп билдирди ал. - Эч кандай тийешеси жок. Биз анын сагынбек Абдрахманов менен бирге болуп жүргөнүн башынан эле билгенбиз. Анын ыры Абдрахмановдукуна окшош. Алар азыр «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылды күчөткүлөрү келип жатат. Биз мунун артында кимдер тураарын билдик. Мындай билдирүү жасаганга эч кандай негиз жок. Эдил ошол топтун ичинде бар. Атамбаев мурункудай эле КСДПны башкара берет. КСДПнын кезектеги XVIII съезди 2019-жылдын 6-апрелинде болот.

Түшүндүрө кетели, «Аргумент» порталы жакында эле Эдил Байсалов менен болгон интервьюсун жарыя кылды, анда социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Алмазбек Атамбаев 40 күндүн ичинде КСДПны таштап кетет деп билдирди.  Анын айтымында, партия - экс-президенттин менчиги эмес.

Анара  Сапарбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх