Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иса Өмүркулов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Ар-намысымды, абийиримди коргойм. Адилетсиздикке каршы турам”

Партиянын мындан аркы өнүгүүсү үчүн жетекчилик кетиши керек

Партиянын мындан аркы өнүгүшү үчүн КСДПнын жетекчилиги кетиши керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттик фракциянын учурдагы лидери, депутат Иса Өмүркулов билдирди.

- Бул партия жашашы керек, - деп белгиледи Иса Шейшенкулович. - КСДПнын келечеги бар. Бирок партиянын мындан ары өнүгүүсү үчүн жетекчилик кетиши керек.

 Ошону менен бирге, ал "КСДП Атамбаевсиз" деген кыймылдын өкүлдөрү менен жоолугушуума депутат Асылбек Жээнбековдун эч кандай тийешеси жок деп баса белгиледи. 

- Менин ал адамдарды кабыл алуума анын эч бир тийешеси жок, - деди Өмүркулов. - Мен ар түрдүү уюмдардын делегаттарын кабыл алдым, бирок мыйзамды бузганым жок. Мен күн сайын жарандарды кабыл алам, дем алыш учурунда, жумуш убактысында. Мага бирөө кимди кабыл алышым тууралуу көрсөтмө бере албайт. Ошондуктан кайрылгандарды кезеги менен кабыл ала берем.

Шамил Жалилов





 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх