Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Беш жылдан кийин Кыргызстанда алкоголь төрт эсе кымбаттайт»

Эксперттин ою боюнча, өлкөдө спирт ичимдиктерине болгон суроо-талаптын азайышы коомдун исламдашуусуна байланыштуу

Кыргызстандагы спирт ичимдиктерине болгон суроо-талаптын азыйышы коомдун исламдашуусуна байланыштуу. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына алкоголдук продукцияларды импорт жана экспорттоо жана өндүрүшчүлөр Бирикмесинин президенти Акылбек Кунакунов бөлүштү.

- Биздин өлкөдө динге берилүү өсүүдө, ошондуктан кыргызстандыктар алкоголду аз пайдаланып калышты, - дейт ал. - Бул албетте жакшы, улуттун дени сак болуп бара жатат. Бүгүнкү күндө 150 айылдык кеңештерде өздөрүнүн аймагында алкоголь сатууга тыюу салышкан. Ушуга байланыштуу өдүрүш кыскарып жатат, компания пайдалануучуларга карап иш кылат да.

Кунакунов жакынкы жылдарда алкоголдун баасы өсөөрүн кошумчалады.  

- Бул өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышынан эмес, акцизге болгон баага байланыштуу, - деп түшүндүрөт ал. - Акциздик марканын баасын ЕАЭБ алкагында бирдей кылуу керек. Бул акырындык менен болот. Беш жылдын ичинде алкоголдун баасы төрт эсе жогорулайт. Эгерде бүгүнкү күндө арзан арактын баасы 70 сом болсо, беш жылдан кийин ал 270 сом болот.

Түшүндүрө кетели, КР Улуттук статистика комитети Кыргызстанда алкоголь колдонгондордун саны азайды деп билдирет.

Расмий маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 2013-жылы 23,2 миллион литр алкоголдук ичимдиктерди ичсе, 2017-жылы 19,81 миллион литр ичкен.

Республикада алкоголдук ичимдиктерди сатуу үч жыл ичинде 3 миллион литрге азайды.

2017-жылы кыргызстандыктар биринчи орунда аракты көп ичишкен, ал эми экинчи орунда пиво, андан кийинкилери шарап, шампан жана коньк.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх