Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ДКО жабылышына чакырылган жылдыздарга канча төлөп беришкендери белгилүү болду

Дүйнөлүк атактууларды ивент-компания чакыргандыгын билдиришти

Кыргызстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылышында ырдаган ата мекендик жана дүйнө жылдыздарынын гонорарына 9 миллион сом корогон. Бул туурасында Vesti.kg сайтына маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин маалымат катчысы Бактыбек Секимов билдирди.

Анын айтымында, мекеме ар бир артист канча алгандыгы тууралуу маалыматка ээ эмес, анткени келишимди тенденден уткан ивент-компания түзгөн.

- Келишим менен гонорар төлөөнү ивент-компания кылды, - дейт Секимов. - Канча бергендигин биз билбейбиз. Бирок бул компанияга 9 миллион бөлүнүп берилген. Бул сумманын ичинде чет элдик артисттердин жана биздин жылдыздардын күнүмдүк чыгымдары да камтылган.

Эске салсак,  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна уюштурулган гала концертте «La Bouche» Наташа Рай, вокалист рэп-коллективи «NANA» Рэй Хортон, Джоу Томсон  «Down Law» жана Германиядан келген «Чыңгыз хан» тобу, «Akcent» румын тобу, россиялык «Корни» топтору жана башкалар ырдашкан.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх