Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы Айыл чарба министри: Кыргызстанга импортту алмаштыруу тууралуу ойлонуучу кез келди

Ошону менен бирге ал айыл чарба Министрлигин мактады, анткени Кыргызстандын дыйкандары эми картошкаларын Өзбекстанга сата алат

Айыл чарба Министрлиги акыры түбү өзүнүн жакшы кызматын көрсөттү. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков айтты.

- Абдан жакшы болду. Мекеме биздин картошканы сатып алууга Өзбекстанды көндүрүп сүйлөшүүгө жетишти, - дейт ал. - бирок бир көйгөй бар, күзүндө бардык жашылча, жемиштер арзан болот, аларды сактап туруп сатууга жай жок. Өкмөт жашылча сактай турган курулушка банктан акча бөлүү жагын караштырса болмок. Анткени үч, төрт ай өтпөй эле картошка эки эсеге баасы көтөрүлмөк.

Төрөгул Ниязович Кыргызстанга импортту алмаштырууну ойлонуучу кез келди деп кошумчалады.

- Бизге жетишпей жаткан продукталарга көңүл бурушубуз керек - мисалы, кант кызылчасы, - деп белгиледи мурунку министр. - Кыргызстанда масштабдуу өндүрүштүн жоктугуна байланыштуу, басымды майда, үй бүлөлүк бизнеске коюш керек.

Түшүндүрө кетели, Өзбекстан картошканы Кыргызстандан алып кире бергенге уруксат берди. Бул туурасында айыл чарба Министрлиги билдирди.

Картошка менен аларды камсыз кылууну биздин 17 компаниябыз ишке ашырмак болду. Кыргызстандын картошкасын Өзбекстанга алып киргенге август айынын ортосунда тыюу салган болчу.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх