Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандын түшүнүгү мага жат болуп калды»

Банктын жаш кызматкери Бишкектен Москвага кетип, ал жактан түнкү клубдун арт-менеджери болуп ишке орношкон соң, эми мекенге кайтуунун кажети жок деп эсептейт


Vesti.kg сайты Кыргызстандын чегинен сыртка чыгып кеткен жарандар тууралуу баянын улантат. Бул жолкусунда биз менен 25 жаштагы Нурсултан Ганыбаев деген жаш жигит - каржылык билими менен түнкү клубда кечелерди уюштуруу кызматын тапкандыгын айтып берет.

- Сиздей банктын кызматкери кантип Москвада түнкү клубдун арт-менеджери болуп калгандыгын айтып бериңизчи?

- Мен Москвага 2015-жылы Бишкектен келгем, анын себеби айлыгымдын аздыгы болду. - Кыргызстанда кесибим боюнча эки банкта иштеп көрдүм. Аз айлык менен көңүлсүз жумуш менин ал жактан кетүүмө себеп болду.

- Бүгүн сиз Москвада жашаган кыргыздар үчүн түнкү клубда кызмат кылып жатасыз. Буга эмне түрткү болду?
- Адегенде «Перекрёсток» деген  азык-түлүк дүкөнүндө кассада иштедим, ал жер деле суз, иш экен, жакпады. Бир жумада ал жерден да чыктым. Андан соң жүк көтөргүч болуп иштедим, курулушта агама жардам бердим. Баары  Fusion деген белгилүү чайканадан башталды. Мен ал жерде официант болуп иштедим. Үч жыл ичинде мен бул жерде арт-менеджерликке жетиштим.

- Сиздин аткарган милдетиңиз кандай болчу ал жерде? Кардарларды кантип тартасыз? Менин билишимче сиз иштеген клуб аябай эле ийгиликтерге жетишиптир.

- Мен азыр башка түнкү клубда иштейм, аны ачылгандан бери иштетем. Менин ал жердеги милдетим кардар тартуу. Биздин меймандарыбыздын көпчүлүг - бул дайыма келүүчү кардарлар. Биз алар менен достук мамиледе болобуз. Ошондой эле мен ал жерде тематикалык кечелерди уюштурам. Биз бул рынокко  келгенибизге салыштырмалуу аз эле убакыт болду, бирок жетишкендиктерибиз бар.

- Сиздердин клуб өрттөнүп да кеткен деген маалыматты уктук эле...

- Ал ушул жылдын 14-июлунда болгон. Өзгөчө кырдаал биз эми гана бутубузга туруп келатканда болду. Бул нерсе биздин команда үчүн сыноо болду, бирок биз ал нерсе менен күрөшүп чыгып кеттик. Жамаатыбыз мага жагат. Биз бул жерге чогуу келгенбиз, кыйын кезеңде эч ким таштап кеткен жок. 4 жуманын ичинде биз баарын бузуп кайрадан жасап чыктык. Жаңыча LOFT стилинда куруп, кайрадан иштете баштадык. Курмандыксыз ийгиликке жетише алган жокпуз.


- Сиз Бишкектин барларында официант болуп иштеген экенсиз. Бул эки шаардын эс алуучуларынын кандай айырмалары бар?

- Ооба айырмасы дароо эле билинет. Мисалы, тили, өзүн алып жүрүүсү жана маданияты кескин айырмаланат.

- Кыргызстанга кетиш оюңузда барбы?

- Жок. Тилекке каршы Кыргызстандын келечегин көрө албай жатам. Анткени муун алмашат, бийлик да алмашат, бирок көз караш ошол бойдон кала берет да. Мага эми ал жактын көз карашы жат болуп калды. Менин Кыргызстанга жүрөгүм ооруйт, ал тууралуу жаман нерселер айтылса уккум да келбейт. Бирок эгемендүүлүк алгандан бери миңдеген адамдардын Кыргызстандын экономикасын жана социалдык аспектисин көтөрүүгө болгон аракети текке кетип жатат, мен да алардын бири болуп калгым келбейт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх