Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эгерде жазылган арыз жасалма болсо, Аскарбек Шадиевдин мандатын кайрып бериши мүмкүн (сүрөт)

Мурдагы качкын депутат өзүн партиядан чыгаргыла деп суранбагандыгын жана партиялаштары менен байланышпагандыгын билдирди


Мындай алып караганда экс-депутат Аскарбек Шадиевдин мандатын кайра беришсе болот. Бул тууралуу  Vesti.kg  сайтына БШК мүчөсү Назарали Арипов айтып берди.

- Эгерде Шадиевдин фракциядан чыгуу тууралуу арыз жазбагандыгы аныкталса, анда Боршайкомдун депутаттын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу токтомун жокко чыгарууга болот, - деп түшүндүрөт ал. - Бирок мындай кырдаалда ал арыздын чыныгы экендигин текшерүү зарыл.

Түшүндүрө кетели, ММКда Аскарбек Шадиевдин «Бир Бол» парламенттик фракциясынан чыгуу тууралуу жазган арызын шардана кылышты.

«Эч кандай фракциядан чыгуу тууралуу жана депутаттыктан баш тартуу тууралуу арыз жазганым жок, - деп билдирет Шадиев. - Менин партиялаштарымды адашуугу алып барышты. Кайдагы мен жазбаган бир кагаз менен иш алып барып жатышат. Мен эч нерсеге кол койгон эмесмин жана эч ким менен байланышкан да жокмун. Менин партиялаштарым, кесиптеш депутаттар бул ишке барат деп ойлобойм. Мен аларды кимдир бирөөлөр гана колдонуп жатышат деп ойлойм».

Шадиев өзүнө карата козголгон кылмыш ишин ойдон чыгарылган жана саясий деди.

«Менин эч кандай күнөөм жок, менин абийирим таза. Ошондуктан мен өзүмдүн жана үй бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөнү таштап чыгып кетүүгө аргасыз болдум», - деп кошумчалады ал.



Эске салсак, мурда Vesti.kg сайтына БШК Аскарбек Шадиевдин ыйгарымукугун мөөнөтүнөн мурун тотктоткондугу тууралуу айтышкан эле. Ага негиз болуп «Бир Бол» фракциясынын чечими эсептелген. Саясий бирикменин катчылыгынан Шадиев өзү фракциядан чыгууну каалагандыгын билдиришкен.

Аскарбека Шадиевди кызматынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, мамлекеттик чегараны мыйзамсыз түрдө кесип өткөндүгү жана кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо боюнча айыпталып жатат.

Бүгүнкү күндө Шадиевдин кайда экендиги белгисиз. Эл өкүлүнө эл аралык издөө жарыяланган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх