Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Алиясбек Алымкуловдун эстелиги - курман болгон революционерлерге карата адилетсиздик»

Апрель окуясынын баатыры тирүү туруп эстелик тургузуу - бул адепсиздик дейт

Апрель революциясынын баатыры Алиясбек Алымкуловдун эрдигин кемсинтүү туура эмес, бирок тирүү туруп эстелик коюу да ошол кандуу окуянын курмандыктарына болгон сыйлабастык болуп калат. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына Апрель революциясынын дагы бир баатыры коомдук ишмер Расул Үмбөталиев бөлүштү.

- Ал революцияда Алымкуловдон башка да көптөгөн катышкан, алардын 88 кайтыш болду, - деп эскерет ал. - Аларга жезден гана төш белги беришти. Мен аларга Кыргызстандын Баатыры деген наам бергиле деп чыкканмын. Ал наамды бир гана Алиясбек Алымкулов алды, бирок ал тирүү да. Тирүүсүндө өзүнө эстелик тургузуу адепсиздик, курман болгон Апрель баатырларын сыйлабастык болот.

Расул Акматович эстелик тургузуп жатышкандарын Алымкулов чамасы өзү да билбесек керек деп кошумчалады.

- Эстеликти өлгөндөн кийин коёт, Алымкулов болсо тирүү, жапжаш, өлкөгө дагы көп жакшы нерсе кылышы мүмкүн, - деп белгиледи Үмбөталиев. - Республиканын баатыры деген наамга көптөрү татыктуу, бирок эстелик тургузушпайт.

Түшүндүрө кетели, Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургундары Кыргызстандын 20 белгилүү адамына эстелик тургузушкан. Алардын арасында социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, эмгек сиңирген авиатор Кубанычбек Козубеков жана Апрель революциясынын баатыры Алиясбек Алымкулов бар. Бул тууралуу ММКлар жазып чыкты.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул салтанаттуу иш чарага Алиясбек Алымкулов өзү да катышкан.


Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх