Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Веганын» биринчи камералары эреже бузууларды бирдин айында тартып баштайт

Жарым жылдан кийин система толугу менен иштеп баштайт

Жол кыймылынын эрежелерин бузуунун фото жана видео тартууларынын алгачкы комплекстери 90 күндөн кийин иштей баштайт. Жарым жылдын ичинде коюла турган бардык аппараттар баары ишке киришет. Бул туурасында маалымат жыйынында «Вега радиокуруу концернинин» башкы директорунун орун басары Сергей Калмыков билдирди.

- Бул кесилиштерге коюла турган камераларга  жана жолдорго, ошондой эле 20 жылып тура турган 5омплекстерге тийешелүү. Ал комплекстер шаар боюнча көзөмөл кылат жана ички иштер Министрлиги менен келишилген, - деп тактады ал. - Адегенде тестирлөө болот, анан система автоматтык түрдө иштей баштайт.

Стационардык жана кыймылдуу комплекстер кошо ишке кирет. Кайсы жерге орнотулушун буйрутма берген киши чечет.

«Веганын» директорунун орун басары белгилеп өткөндөй анын көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрүнүн арызын Бишкек шаардык сотунун кабыл алышы тууралуу маалыматы болгон эмес.

Маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев арыздануу убактысы өтүп кетти, бул деген комиссия район аралык соттун чечимине каяша кыла албайт дегенди билдирет деп тактады.

- Кыргыз Республикасы жана анын мыйзамы бар, - деп баса белгиледи Калмыков. Биз Кыргызстанга мыйзам чегинде иштөө үчүн келгенбиз. Болгону ушул.

Бакыт Шаршембиевдин сөзү боюнча, «Вега» эсептелген ар бир айып пулдан 200 сомдон алып турат. Бул сумма чектелген, ал айып пулдун суммасынан көз каранды эмес.  Ошентсе да Калмыков компания 5 жыл ичинде өзүнүн салган каражатын актап алат деп ишенет.

- Актайбыз, - дейт ал. - Иш көрсөтөт, бирок биринчи жылдын жыйынтыгы көбүнчө ойлогондой болчу эмес эле, бирок жакшы болот деп ишенебиз.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты маалымат жана байланыш технологиясы мамлекеттик комитети  бүгүн орусиялык ААК «Вега радиокуруу концерни» менен «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту.

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх