Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Тазалыктагылар» эмне үчүн кадимки эле жааган кар Бишкекке мүшкүл болгондугун түшүндүрүштү

 

Муниципалдык кызматкерлер жан аябай иштешти, бирок ошентсе да жол бир саамга бөгөлүп калды

Бишкектиктер шаардык кызматтын ишине нааразы, анткени алар жааган карды көчөдөн тазалай албай калышты. Социалдык тармактын белгилүү бир тобундагы интернет колдонуучу Наталья Викторовна эмне үчүн бул кар мүшкүл болду деген суроо берет.

«Эмне үчүн кар шаардык масштабдагы мүшкүл болот? Бишкектин баары тыгын болуп калды… Транспорттук коллапс… Бишкекке болсо кадимки эле кар жааган..» (орфография жана пунктуация бузулбай сакталды).

Өз кезегинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева  Vesti.kg сайтына бардык иш план боюнча аткарылат деп билдирди.

- Ар бир көчөгө 5-6 жолудан кум чачтык, - дейт ал. - Анын баарын бир нече мүнөттө эле кар жаап калып жатты, атайын техника да өткөн жок, ошондуктан сеппегендей туюлуп жатса керек. Бирок жумушту токтоткон жокпуз. Мурдагы күнү 573 тонна кум жана 49 тонна туз чачтык. Көчөлөрдү тазалоо азыр да улантылып жатат. Бирок жол кырсыгынын алдын алып,, айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөрдү кадоону сунуштайт элек.

Вероника Малышева

Сүрөт www





Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх