Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБ модернизациялоо ишинде күнөөлүү деп табылган киши УЭХК башчысынын орун басарлык кызматында иштөөнү улантып жатат

Улуттук энергохолдингде Нурлан Садыковдун кызыктай абалына комментарий берүүдөн баш тартышты

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы»  ААК төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Садыков Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча кылмыш ишинен айыптуу болуп өткөн. Ага сот жараянынын башка катышуучулары сыяктуу эле 221 берененин 4 б. 1-2 пункттары боюнча айып тагылган «Ыйгарым укугунан ашыкча пайдалануу аркылуу коммерциялык жана башка ишканаларга ири өлчөмдө зыян келтирүү, ошондой эле бул ишти адамдардын тобу алдын ала сүйлөшүп алып ишке ашырышкан».

Бирок ошого карабастан Садыков өлкөнүн стратегиялык мааниси бар ишканасында жетекчилик кызматта иштөөнү улантып жатат. Бул нерсеге көңүл бурган отун-энергетика комплекси боюнча эксперт Расул Үмбөталиев болду.

«Кыргызкөмүрдүн» мурунку директору чиновник жок дегенде тергөө убагында отставкага кетсе болмок дейт.

«А бизде болсо мамлекет башчы териштирбесе же нааразычылык билдирмейинче, буга окшогондордун башынан бир тал чачы да түшпөйт», - дейт ал.  

Кылмыш ишин кароо боюнча сот жараяны 2018-жылдын 19-октябрында Биринчи май райондук сотунда башталган. Ушул эле сот «Электр станциялары» ААК доо арызын караган, анда айыпталуучудан 8,8 млн. сом материалдык чыгым жана «Бишкекжылуулуктармагы» ААК 80 млн. сом  өндүрүп берүүнү суранган.

Ал эми 2018-жылы 26-октябрда мамлекеттик айыптоо соттолуучуларга карата жыйынтык чыгара баштаган, алардын арасында Нурлан Садыков да болгон.

Үмбөталиев мамлекет Садыковду ээлеген кызматынан соттук териштирүү бүткүчө бошото турушу керек деп эсептейт.

«Биринчи май райондук соту аны баары бир айыптуу деп тапса керек, анын үстүнө УЭХК башчысынын биринчи орун басарыНурлан Садыков болуп атса, айыптоочу өкүм чыкса керек, - деп эсептейт эксперт. Чамасы ал тергөө органдары менен кызматташа койгон окшойт, ошондуктан аны үй камагына чыгарып ишти үзгүлтүккө учуратып жатышат. Бирок УЭХК төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстандын энергетика тармагындагы жогорку кызматты ээлөөгө юридикалык, моралдык жана этикалык эч кандай укугу жок».

Улуттук энергохолдингде болсо  Vesti.kg сайтына комментарий берүүдөн баш тартышты.

- Биздин жооп - «Комментарий берилбейт», - дешти маалымат кызматындагылар.

Эске салсак, мурда  Vesti.kg сайты Үмбөталиевдин Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги Кыргызстандын энерго тармагын басып алды деген сөзүн жазып чыккан болчу.

«УЭХК төрагасы Азамат Абдыкадыров жана анын орун басары Нурлан Садыков жыйында «2018-2019 жылдын кыш мезгилине даярдык жана энергокомпаниянын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары» тууралуу маселени карашты. Андан сырткары алар акционердик коомдун ишмердүүлүгү тууралуу отчетторду кабыл алышты, анткени буга өздөрү эле төрага жана директорлор Кеңешинин мүчөсү да болушат, - деди ал. УЭХК директорунун биринчи орун басары Нурлан Садыков жана директордун орун басары Бакыт Эсенбаев бул жыйында өздөрүн өздөрү текшеришти. Алар кантип өздөрүн кышка начар кам көрдүң деп уруша алышат? Эч качан андай болбойт да».

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх