Уят кылбайм деп убада берет. Ибрагим Жунусовду Өзбекстанга элчи кылып бекитишти
Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети белгилүү ырчынын талапкерлигин кубатташты
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилик кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин макул көрдү.
Анын талапкерлигин тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова көрсөттү.
Өз кезегинде Ибрагим Жунусов бар күчүн жумшап, ишеничти актаарын жана өлкөнү уят кылбоого убада берди.
Эске сала кетсек, белгилүү эстрада ырчысы Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап келген.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз