Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл акырында каражатка муктаж болбой жашаган чиновниктердин аты аталат

МСК жогорку даражалуу адамдардын бекиткен байлыктары качан белгилүү болоорун тактады. Тизмелөөчү декларацияны текшерүү бүтө элек

Тизмелөөчү декларациянын мониторинги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн али бүтө элек. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

- Аяк оона айынын башынан бери биз жогорку саясий жана муниципалдык кызматтагы жарандардын декларациясын жарыя кылып баштадык, - деп эскертишет салык мекемесиндегилер. - Мыйзам бузуу аныкталган кезде материалдар прокуратурага юридикалык баа берилүү үчүн жөнөтүлөт.

МСК бул масштабдуу акция биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгын айтышты жана анын акыркы жыйынтыгы жылдын акырына барып гана белгилүү болот.

- Эми биз ар кайсы мекемелерге документте көрсөтүлгөн суроолор боюнча суроо жөнөтө алабыз, - дешет салык кызматындагылар. Мисалы МКК жа коммерциялык банкка. Андан сырткары, бардык жыйынтыктар коопсуздук Кеңешине жөнөтүлөт.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Жогорку Кеңешке кайрылуусунда Кыргызстанда бардык чиновниктердин ыгым-чыгымдары эсептелээрин билдирген болчу. Бул массалык текшерүү коррупция менен күрөшүүнүн алкагында жүрмөкчү.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх