Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков: Чыңгыз Айтматовго деп союлган 30 жылкы жеттиби же жолдо жоголуп кеттиби?

УТРК башчысы ашыкча чыгым кылып, той өткөргөнгө каршы сүйлөдү

Кыргызстандыктар той өткөрүшүп ашыкча ысырапкорчулукка барып жатышат. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына УТРКнын башкы мүдүрү Илим Карыпбеков билдирди. Ал  Twitter социалдык тармагында да бул тууралуу пикирин жазган.

«Айтматовдун тоюна деп союган 30 жылкынын аркы дүйнөдөгү тагдыры тууралуу ойлонуп жатам. Кызык, деги алар жетти бекен Чыңгыз Төрөкуловичке, же жол таппай орто жолдо адашып кетишти бекен?», - деп жазат ал. (орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

- Мен биздин тойлорго карата көз карашым жаман, - дейт ал. - Бизде алар өтө эле көп. Биз буга жол бербешибиз керек. Ашыкча ысырапкорчулукту айтып жатам мен. Бул эттин баары желбейт деле, ар ким үйүнө алып кетет. Ушунун баарын билип туруп эле, дагы кайра улантып жатабыз. Кимдин төгүп чачканга дарамети жетсе анда кудай жалгасын. Бирок элдин көпчүлүгүнүн акыбалы келбейт мындай нерсеге. Алар бул нерсени милдеттүү түрдө экен деп кабыл алышат. Эгерде муну өтк-рбөсөк өлкөбүз уят болот деп ойлошот. Бул туура эмес.

Илим Майрамбекович мындай нерселерди кан буугандай токтотуу керек деп эсептейт.

- Биз жөнөкөйлүктүн жана сарамжалдуулуктун үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек, - деп баса белгиледи Карыпбеков. - Чыңгыз Айтматовдон эч ким сурабайт го. Ал деңгээли башкача адам эле го. Айтматов өзүнүн китеби аркылуу кантип өмүр сүрүү керектигин айтканга аракет жасаган. Ал биздин элдин кандай кыйынчылыктардан өтөөрүн сүрөттөгөн. Ошондой кыйынчылыктардын бири - колдо болгон каражатты сарамжалдуу пайдалануу маселеси. Элдер уят болуп калбайлы деп карызга батып жатышпайбы. Бул таптакыр туура эмес. Мага бул нерсени элдер бюджеттен бир тыйын албай өткөрүп жатышат дешти. Кеп бюджетте эмес да. Чындыгында мунун баары кандай болоорун элдин баары эле билет. Анткени бул массалык деңгээлде болуп жатат. Биз муну мындан ары кеңейтпешибиз керек. Тескерисинче биз мындай нерседен качышыбыз керек. Мен бир да өнүккөн өлкөдөн ушуга окшогон нерсени көрө алган жокмун. Келгиле жакшы жашоо үчүн жакшы үлгү алалы. Бул менин жүрөк оорум.

Түшүндүрө кетели, ММКда Таласта Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейин тойго айланткан иш чара тууралуу маалыматтар пайда болду. Жазуучунун туулган күнүн белгилөө үчүн 30 жылкы союлган.

 Медина Купсулдаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх