Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурда Аида Салянованы «какшаткан» сотко карата иш козголду

Мурунку депутаттын жактоочусу  сот отурумду күн сайын эртең мененки сегизде баштачу, алтургай жараяндан ажатканага да коё берчү эмес деп эскерет

Бишкектин Ленин райондук соту Кубанычбек Касымбековго карата кылмыш иши козголду, убагында ал экс-депутат Аида Салянованын иши боюнча жаранды алып барчу. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Салянованын мурунку жактоочусу Улан Жумаков айтып берди.

- Ал бизди какшаткан, - деп эскерет юрист. - Биз ага карата канча арыз жаздык, канча жолу алып салууну өтүндүк. Ал отурумду күн сайын эртең мененки саат сегизге дайындачу, жараян убагында алтургай ажатканага да коё берчү эмес. Менин оюмча, иликтенүүчү кылмыш ишинин алкагында анын башка да иштерге катыштыгын текшерет. Анын иш аракуетинен жабыркаган адамдар да кайрылышса керек.

Эске сала кетели, Кыргыз Республикасынын башпрокурору Жалал-Абат облусунун Сузак райондук соту, андан соң Бишкектин Ленин райондук сотунун төрагасы болгон Кубанычбек Касымбековго карата кылмыш ишин козгоду, ошондой эле башка да кызмат адамдарына КР КК 304-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-беренеси (Адилетсиз өкүм чыгаргандыгы үчүн же башка соттук токтомдор үчүн).

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх