Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Болот Отунбаевдин жетекчилигиндеги элчиликтин ишин канааттандыраарлык эмес дешти

Анткени менен эксперт бул нерседен жүйөлүү себептерди көргөн

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин иши начар десек болот, бирок анын себептери бар. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов бөлүштү.

Түшүндүрө кетели, Kginfo.ru маалымат порталы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин кандай иштегендиги тууралуу кыргызстандыктардын арасында кылынган сурамжылоонун жыйынтыгын жарыя кылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында, биздин көпчүлүк  мекендештерибиз элчинин өз милдетин жакшы аткарбай жаткандыгын айтышкан.

Ошону менен бирге эле статьяда ал сурамжылоону ким жүргүзгөндүгү жана максаты эмнеде экендиги  айтылган эмес. Анткени менен баш сөзүндө Болот Отунбаевдин ишин коомдук бирикменин лидерлери баалашты деп белгиленген. Ал эми кимдер экендиги да көрсөтүлгөн эмес.

- Элчиликтин ишин бир нече критерийлер боюнча баалоого болот: мигранттардын укугун коргоо, инвестиция тартуу, өлкөлөр ортосундагы карым катнашты жакшыртуу жана башкалар, - деп түшүндүрөт Жеңиш Молдокматов. - Эгерде Орусиядагы кыргыз элчилигинин мигранттар боюнча ишин ала турган болсок, анда мен аны канааттандыраарлык эмес демекмин. Анткени аларда ресурс жок, алар мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө күчтөрү жетпейт. Орусиянын аймагы өтө чоң. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу ал жакта биздин жарандарыбыз көп. Ушуга карап туруп кандайдыр бир баа беришке да болбойт.

«Замандаштын» лидери биздин мекендештер катышкан чуулгандуу окуяларда элчилик дайыма реакция кылат деп кошумчалады.

- Мигранттардын укугун коргоо боюнча болсо, болгону үч юрист отурат, - дейт ал. - Күнүнө аларга жок дегенде элүүдөн киши келет. Алар бир күндө кандай кылганда да 10 кишиден ашыгын тейлей албай калат.

Эгерде иликтөөдө ишкананын аты көрсөтүлбөсө, анда ал сурамжыоого мен ишенмек эмесмин. Анткени кимди гана болбосун сындай бергенге болот. Эч кимдин оозун жаап коё албайсың. Ал эми элчиликтин ишине баа берүү боюнча маалыматты бир гана тышкы иштер Министрлиги бере алат.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх