Чубак Жалиловго Орусия жана АКШ аймагына кирүүгө тыюу салууну сунуш кылышты (видео)
Кыргыз Республикасынын экс-муфтийин экстремизмге шектүү дешип, анын сөздөрүн экспертизадан өткөрүүгө кеңеш беришти. Уламалар Кеңешиндегилер эмне үчүн бул талап негизсиз экендигин түшүндүрүштү
Экс-муфтийлер Чубак ажы Жалиловго жана Абдышүкүр ажы Нарматовго Орусиянын жана АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салуу зарыл. Мындай деген билдирүүнү Америкада жашаган Кыргызстандын блогери Динара Самет жасады.
Ал өз видеотасмасында мекендештерине кайрылып, ажылардын сөздөрүн экспертизадан өткөрүүнү сунуштаган. Анткени ал сөздөр экстремисттик чакырыктар деп айтат ал.
«Мамлекет башчысы, көзөмөл органдары жана укук коргоочулар эч кандай чара көрүшпөйт, баары эле шалдайышат. Күрөшүү ыкмасы бар, алардын сүйлөгөн сөздөрүн орусчага жана англисчеге которуп туруп, Москва менен Вашингтонго жөнөтүү керек. Алардын ар бир сүйлөгөн сөздөрү радикалдык экстремисттик мүнөздө. Шарият боюнча жашоону жана жашы жете электерге үйлөнүүнү, көп аял алууну үгүттөп жатышат. Агрессияга түртүп жатат. Эгерде экспертизадан алардын сөздөрүн өткөрсө пайда алардыкына чечилбейт деп ишенем», - дейт ал. (орфографисы жана пунктуация бузулбай берилди)
Динара Саметтин сөзү боюнча, эксперттердин корутундусунун негизинде диний ишмерлерди сотко берип жана Орусия менен АКШга кирүүгө тыюу салса болот.
«Ал келип, штаттарды кыдырат жана жаштардын мээлерин айлантат», - дейт ал.
Ал ортодо Vesti.kg сайты комментарий үчүн Кыргызстандын уламалар Кеңешине кайрылды, ал жерде Чубак ажы менен Абдышүкүр ажы да мүчө болуп саналат.
Уламалар Кеңешинин төрагасынын орун басары Марс ажы Ибраев өз кезегинде Кыргызстанда исламдын орношуна Жалилов менен Нарматов чоң салым кошушкандыгын белгилеп кетти.
- Бул кишилер диндин туура нукка салынышына чоң жардам кылышкан, ошондой эле жаш муундарды тарбиялашты, - деп баса белгиледи Ибраев.
- Экөө тең сабаттуу, окумуштуу адамдар, ойлонуп туруп сүйлөшөт. Башкача айтканда «жети өлчөп, бир кесишет». Алардын сөздөрүнө эң биринчи кезекте бааны эл берет. Эгерде алар экстремисттик чакырыктарды жасашса муфтият жана укук коргоо органдары капкачан эле кармамак да аларды.
Андан сырткары, Ибраев уламалар Кеңешинин төрагасы Абдүшүкүр Нарматов экендигин, Чубак ажы Жалилов болсо ардакту мүчөсү экендигин кошумчалады.
- Абдышүкүр ажы Нарматов ушунча жылдан бери тийешелүү органдар бир да жолу ага эскертүү беришпегендигин айтат, - дейт ал. - Биз бул адамдар менен сыймыктанабыз. Албетте, аларды да кимдир бирөөлөр туура эмес түшүнүп алышы мүмкүн. Ал ар бир адамдын өз укугу.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www