Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ал ким экен!?» Депутаттар Карамушкинанын КСДПны таштап кеткиле дегенине жооп кылышты

 Парламенттик «социал-демократтар» кесиптешинин айткандарына качантан бери кулак жапырып, укмаксан болуп жүрүшкөндөрүн жашырышкан жок

Парламенттик КСДП фракциясынын депутаттарына алардын кесиптеши Ирина Карамушкинанын экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштешкиси келбеген депутаттар өз каалоосу менен париядан чыгып кетүү сунушу жаккан жок.

Vesti.kg сайты менен маектешкен кээ бир «социал-демокарттар» КСДПда канчалык ички ыйкы-тыйкы болсо да, Карамушкинанын бул айтканы туура эмес деп белгилешти.

Депутат Сайдолимжан Джураев Vesti.kg  сайтына кесиптешинин сунушун карап көрүүгө макул экендигин билдирди. Бирок өзү партиядан азырынча чыгайын деген ою жок экендигин билдирди.

Так, депутат Сайдолимжон Джураев сообщил

- Ал ким экен, партиядан ким чыгып, ким кирээрин ошол чечет имишпи? Сунушун фракцияга киргизсин, биз карап көрөбүз, - деп ачууланды ал.   

Анын кесиптеши Мухтарбек Айнакулов да Ирина Карамушкинанын сунушун жактырган жок. Эл өкүлү Vesti.kg сайты менен болгон маегинде КСДПнын катарында 1998-жылдан бери экендигин жана өзүнүн партиядан качан чыгаарын өзү гана чечээрин айтты.

- Биз фракцияда иштеп жатабыз да, - деп эскертти ал. Мени партияга кир деп эч ким зордогон эмес. Мен өз каалоом менен келгем жана кеткенде да өз каалоом менен кетем. Ал эми анын сөздөрү болсо өзүнүн көйгөйү. Менин азыр кетейин деген ниетим жок. Бул туура эмес сунуш. ооба, партияда пикир келишпөөчүлүктөр болуп жатат, бирок ал үчүн биз партиядан кете албайбыз да. Кимдир бирөө менен иштеше албайм деп партиядан кетип калуу туура эмес.

Ал арада Төрөбай Зулпукаров КСДП Ирина Карамушкинанын өзүнүн үйү бекен? Ал партияда кимдер калышын чече албайт деди.

- Мен анын демилгесин уккан жокмун, эгерде менин жеке өзүмө кайрылса жообун бермекмин, - деп баса белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде.

- Партия анын жеке фирмасы же үйү эмес, ал мында сунуш киргизгенге да бирөөнү кууп чыкканга да акысы жок. Ал деле бизге окшогон саясий бирикменин мүчөсү. Менин оюмча ал бул нерсени ойлонбой эле айтып салды көрүнөт. Анткени анын өз пикири деле жок. Мен ага таң калбайм деле. Анын айткандырана көптөн бери эле көңүл бөлбөйм.

Түшүндүрө кетели, КСДП партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Ирина Карамушкина «Азаттык» радиосуна берген интервтюсунда Алмазбек Атамбаев менен иштешкиси келбеген «социал-демократтар» партиядан чыгышын сунуш кылган билдирүү жасады.

«Мен бүгүн фракциянын көптөгөн мүчөлөрүнө сунуш кылат элем, эгерде КСДП партиясында Атамбаев менен иштешкиси келбесе, партиядан чыгуу тууралуу арыздарын жазсын. Бүгүнкү күндө Жээнбековдорго жаңы партия түзүп, шайлоого барганга эч ким жолтоо болбойт», - деди Карамушкина.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх