Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаев таптакыр элден чыгып калганы турат, ошондуктан тобокелчиликке барды»

 Эксперттер экс-президенттин чуулгандуу интервьюсу аларга эки түрдүү көз караш жараткандыгын айтышты

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамилеге чекит коюлганы жакшы болду. Экс-президенттин интервьюсу тууралуу оюн  Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марат Казакпаев бөлүштү.

- Мурунку президент менен азыркынын ортосундагы күрөш быйыл жалган куран айында башталды, - деп эскерет ал. - Алмазбек Атамбаев бул күрөшкө моралдык жактан даяр экендиги белгилүү. Анткени ал оппозицияда бир нече жолу болгон. Ал көп нерсеге чыдоого үйрөнгөн, айрыкча Бакиевдин убагында. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбековдун экс-президентке карата позициясын билдирген интервьюдан кийин Атамбаев унчукпай коё алган жок. Марат Сайнидинович Атамбаевдин сөздөрүнө жакшы баа берди.

- Коом карама каршы эки күчтүн таасири астында калгандыгы көүнүп турат, - дейт ал. - Эки тараптан тең чыгышы керек эле, биз ойлогондой болду. Бул деген алардын саясатта гана эмес жашоодо да айрылышынан кабар берди. Бирок бул болуп жаткан процесстер терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бардык жарандык коом, алардын ичинде журналисттер, бейөкмөт секторлор жана саясатчылар кайсыл тарапта болоорун аныкташ керек. Бейөкмөт уюмдардын бир бөлүгү эки лагерге бөлүнүп калды. Мисалы, оппозициядагы адам Нурбек Токтакунов документтерди жарыялоо менен бирге ким тарабында экендигин айгинеледи.

Казакпаев ошону менен бирге Кыргызстанда демократиянын жетишпегендигин айтты.

- Эгерде президент кызматтан кетсе, ал экинчи саясатка киришпеши керек. Маданият, кайрымдуулук менен алектенсин, бирок иштеп жаткан президентке кеңеш берүүгө болбойт да, - деп сөзүн аяктады ал.

Өз кезегинде дагы бир саясат таануучу Марс Сариев бийлик үчүн күрөш тымызын түрдөн ачыкка өткөндүгүн белгиледи.

- Икрамжан Илмияновду камагандан кийин, Атамбаевге чабуул башталды, - дейт ал Vesti.kg сайтына.  - Менимче, мурунку президент азыркы иштеп жаткан президентти жараксыз кылганды каалайт окшойт. Демек, ички соодалашуу ишке ашпай калган. Кечээ Атамбаев сөз сүйлөдү, бүгүн болсо Жээнбеков экс-премьерлер жана спикерлер менен жоолугушат. Ал эми Атамбаев азыркы мамлекет башчынын таасирлүү кишилер менен жакшы мамиледе болгусу келгендигин албетте билген. Чамасы бул торттунүстүндөгү гүлдөрү Текебаев менен Чотонов болот окшойт. Анда эле Атамбаев толугу менен элден чыгып калат. Ошондуктан ал тобокелчиликке барып жатат.

Марс Осмонкулович белгилүү бир убакыттарга чейин экс-президент эл алдына чыккандан качып жүргөндүгүн эскерди.

- Бирок, чамасы Атамбаевдин жазда көрсөтө турган өнөрү деле калбай калды окшойт, - деп боолголойт ал. - Анын үстүнө Жээнбеков өзүнүн атаандашына караганда мурун интервью берип утуп кетти. Экс-президент окуянын мындай чукул бурулуш алаарын күткөн эмес болчу. Бирок жаман үйдү коногу билейт деген макл бар. Ошондуктан бул абалдан үчүнчү күчтөр пайдаланып кетүүсү мүмкүн. Анткени алар саясий элитаны колдонууну билишет.

Тышкы саясатта да Кыргызстандын баркы кетет.

Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Атамбаевдин интервьюсу эки түрдүү көз карашты пайда кылды дейт.

- Бир жагынан алганда ал маалымат каражаттарын кысымга алгандыгын моюнга алса, ошол эле учурда тергөө бүткүчө өзүнүн тилектештерин актоого аракет кылып жатат, - деп түшүндүрдү ал. - Мындай жүрүш-туруш чочулатат. Аны мамлекеттик кызматтарды эч кандай тажрыйбасыз өзүнүн жакындарына берип койду деп сындап жатышат да. Ал мурда буга окшшогон сындарга жооп да бербей, өзүнүн балдарын мактай берчү. Менин оюмча ал бул яактыга сырттан сын көз краш менен карагнды калабайт, ошонусу менен укук коргоо органдарынын ишине шек гана туудурат.

Абдрахман Мадакимович президенттердин ортосундагы талаш-тартыштарды токтотуш керек деп эсептейт.

- Бул эч кандай жакшылыкка алып келбейт, бир гана коомчулукта чыңалууну пайда кылат, - деп кеңеш берет ал.

Экс-президенттин интервьюсуна болгон өзүнүн эмоциясын  Vesti.kg сайтына саясат таануучу Бакыт Бакетаев бөлүшөт.

- Кыргызстанда чейрек кылымдан бери коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе: бул президенттик жана депутаттык шайлоолор, референдумдар, мунун баары талаш-тартыш менен коштолот, - дейт ал. Бирок, мунун баары талкуулоого катышкандарга моралдык-психологиялык ырахаттануу алып келет. Иш жүзүндөгү пайдасы болсо нөлгө барабар. Атамбаевдин билдирүүсү менин бир аз кыжаалат кылды. Эми сөздөн ишке өтсөк кантет? Эгерде ал бир конкреттүү сунуш кылганда коомчулук менен Сооронбай Жээнбековдун реакциясы башкача болмок.

Баарыбызга белгилүү болгондой, кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалынын журналисттерине бир нече суроолорду даярдатып алып жооп берди.

Мурунку мамлекет башчы берген интервьюсунда президент Сооронбай Жээнбеков экөөнүн мамилеси тууралуу сүйлөдү, өзүнүн ири кирешелери тууралуу айтып берди, келечектеги пландары жана башка резонанстуу маселелерди айтты.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх