Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Биздин медиктер бизден билим алып кеткен Индиянын дарыгерлеринен үйрөнүп келгени барышат»

ЖК депутаты саламаттык сактоо Министрлиги кыргызстандык адистердин акысыз билимин жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргандыгын айтат

Биздин медиктер Индияга органдарды алмаштырууну үйрөнгөнү барышат, ошол эле мезгилде көп сандаган индиялык студенттер биздин медициналык жогорку окуу жайларда билим алышат. Бул тууралуу парламенттин пленардык жыйынында депутат Евгения Строкова айтты.

- Мен эмне болуп жатканын түшүнбөй жатам, - деп белгиледи ал. Былтыр Кыргызстанга Түркиядан профессор келген. Ал өзүнүн тажрыйбасын биздин дарыгерлер менен бөлүшкүсү келген. Бирок биздин саламаттык сактоо Министрлиги тийешелүү көңүл бурбай коюуп, ал Өзбекстанга кетип ошол жактан жыйын өткөрдү. Ошентип биздин медиктерибизди акысыз окутуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырадык. Балким, министрлик алар менен дагы байланышып кайра чакыраар?

Түшүндүрө кетели, бүгүн Жогорку Кеңеште «Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы «медициналык борборлорго жана курулушка ошондой эле карантиндик аймакты жаңыртуу» боюнча Тунис шаарында 2018-жылы 3-апрелде кол коюлган Гранттык келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорду үчүнчү окууда карап жатышат.

Вероника Малышева

Фото www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх