Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курултайдын катышуучулары 20 миң сомдон беришет: Чогулган акча кайда барат?

Бийлик элдик курултайдын уюштуруучуларына Кыргыз драма театрын даярдашты

Бишкекте боло турган курултайга катыша турган саясий партиялар көңүлдөрүнөн чыгарып акча беришет. Чогулган акча каражаты курултайды уюштурууга керектелет. Бул туурасында Vesti.kg сайтына парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын экс-депутаты, экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева билдирди.

- Төлөмдөр партиялардан болот, - деп баса белгиледи ал. Биринчиден, ал чогулган акча белетке, баннерге жана жалдап алган имаратка төлөнөт. Менимче, кандайдыр бир бөлүгү төлөнөт. Анан залдагы орундуктарга карточка алынат.

Мурунку эл өкүлүнүн сөзүнө караганда, курултайдын уюштуруучулары коротулган акча каражатынынын эсебин беришет.

Кечээ мурунку башпрокурор Азимбек Бекназаров журналисттерге боло турган курултайтууралуу айтып берди. Курултайга 54 саясий биркме келээрин айтты, анткени ал да уюштуруучулардын катарында.

- «Ата Журт» менен «Замандаш» париясы 20 миң сом которду, - деп билдирди ал.  - Бийлик бир гана Кыргыз драма театрын берди.

Эске салсак, элдик курултай быйыл 24-жетинин айында Бишкекте өтөт.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх