Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маевскийдин камалышы Текебаевдин күнөөсүн гана тастыктайбы?

Юристтер алдамчылардын пара сыяктуу иштер менен алек болушаарын эскертишет, ошондуктан ишти кайра кароого тикелей негиз азырынча жок

Орусиялык ишкер Маевскийдин камалышын жаңы ачылган жагдай катары карап, Текебаевдин кылмыш ишин кайра кароого болбойт. Ушундай деген оюн  Vesti.kg сайтына белгилүү жактоочу Икрамидин Айткулов бөлүштү.

- Маевскийге Текебаевге такыр тийешеси жок иш боюнча айып тагылып жатат, - деп белгиледи ал. Ал эми жаңы ачылган жагдай деп кудум ушул ишке тийешеси бар жагдайды айтат.

Өз кезегинде дагы бир юрист Руслан Долаев да Маевскийдин камалышынын Текебаевдин ишине тийешеси бар экендигин аныктоону айтат.

- Эгерде байланышы жок болсо, анда ал камакка алуу бир гана Маевскийге тийешелүү, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. - Механикалык түрдө эле ал алдамчы, ага ишенбеш керек деген жарабайт. Анын үстүнө алдамчылар кудум ошол пара берүү менен алектенишет эмеспи. Алар ишти дайыма ошондой туура эмес жактар менен чечишет.

Эске сала кетели, мурда  Vesti.kg сайты «Ата Мекен» фракциясы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин негизги күбө Леонид Маевскийдин камалышына байланыштуу кайра кароону президенттен өтүнгөн

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх