Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаев мунапыс боюнча эркиндикке чыга албайт

Коомчулуктун талкуусуна коюлган мыйзам долбоору коррупция менен соттолгондорго тийешеси жок

Мунапыс тууралуу жаңы мыйзам Өмүрбек Текебаевге карата колдонулбайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Коомчулуктун талкуусуна коюлган мунапыс тууралуу мыйзамда Өмүрбек Текебаев соттолгон берене көрсөтүлгөн эмес. Аны коррупция боюнча соттошкон да, - деп экертти депутат.

Түшүндүрө кетели, депутаттардын тобу коомчулуктун талкуусуна «Адам укугунун Жалпы декларациясынын 70 жылдыгынын жана 1938-жылы Кыргыз Республикасындагы саясий репрессиянын курмандыктарынын 80 жылдыгынын урматына мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорду алып чыгышкан.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх