Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аял депутаттар Ак үйдө алар тийишүүгө туш болгон, болбогондуктарын айтып беришти

Ал ортодо вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Эльвира Сурабалдиеванын окуясын бир аз көбүртүп-жабыртып жиберишти бейм дейт

Өткөндөгү Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын Ак үйдүн ичинде тийишти деген билдирүүсү көптөрүн кайдыгер калтырган жок. Талкуу ушул күнгө чейин токтогон жок.

Ушуга байланыштуу  Vesti.kg сайты аял депутаттарга кесиптештериңиз тарабынан тийишкен учурлар болду беле деген суроо берүүнү чечти.

Депутат Аида Исмаилова андай кырдаалга туш болбогондугун айтты.

- Менде андай учур болгон жок, - деди депутат  Vesti.kg сайтына.

Анын кесиптеши Айсулуу Мамашова да иштеген жеринде андай окуяга кабылбагандыгын айтты.

- Кудай сактасын, жок андай болгон эмес, - деп баса белгиледи ал  Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Ооба, чындыгында бул өтө орчундуу маселе. Мен андай нерсеге кабылбаганым менен, менин кесиптешим туш болду. Мамлекеттик түзүмдө иштеген башка кыздар да ушундай абалга туш болуп калуулары мүмкүн да. Бул коркунучтуу нерсе. Маданияттуу жерде иштеп жатсаң, анан жаныңда ушундай айбандык мамилелер болуп жатса... . Болгондо да Жогорку Кеңештин имаратында.

Айсулуу Турусбековнанын ою боюнча, Кыргызстандагы кыздар көбүнчө коомчулуктун пикиринен коркуп, андай нерселер тууралуу ооз ачпай коюшат.

- Кесиптештери тарабынан зордукталган кыздар мага бир нече жолу кайрылышкан, - дейт депутат. - Биздин коомдо бул тууралуу кеп кылганга болбойт, ошондуктан кыздар уялып, көбүнчө бул тууралуу айтышпайт. Зордукталгандыгы тууралуу арыз жазышса да, кийинчерээк ата-энелеринен коркуп арызын кайра алып коюшат. Ошондой эле элдердин туура эмес пикирлери да роль ойнойт, алар зордукталганына өзү күнөөлүү деген сөздү да айтышат. Кыздар гана боло турган жана болбой турган нерсени айырмалай билиши керек. Эркектердин сунушунан көбүрөөк баш тартса, андай нерселер азыраак болот.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, азыркы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз кезегинде Эльвира Сурабалдиеванын окуясын бир аз ашыра айтып жиберишти көрүнөт дейт.

- Мен андай тийишкен учурларга эч качан, эч жерде кабылган эмесмин, - дейт ал  Vesti.kg сайтына. - Ошондуктан болуп өткөн нерсеге өз баамды бере албайм. Бирок, менин оюмча ал окуяны бир аз ашыра айтып жатышат. Мен ал билдирүүнү окудум. Сурабалдиева кырдаалды сүрөттөйт, бирок тийишти деп айткан жок да. Мен аны менен сүйлөшө элекмин, бирок сүйлөшүп көрөм го.

Өмүрбекова ушундай учурлардын алдын алып мамлекеттик түзүмдө этикалык көзөмөл түзүү зарылдыгын кошумчалады.

- Мамлекеттик кызматкерлердин өзүн алып жүрүүсүүнүн стандарты болуш керек, - дейт вице-премьер. - Бардык мамлекеттик түүмдөрдө жаш кыздар иштейт. Кокус аларга ошондой мамиле болуп кала турган болсо, алар этикалык көзөмөлгө кайрылуусу керек.

Эске сала кетели, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева кийинчерээк өзүн лифтте кучактайм деген киши менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөөрүн билдирген.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх