Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанды Киргизия деп өзгөртүү идеясы Жогорку Кеңештин депутаттарына жаккан жок

Эл өкүлдөрү мындай демилгенин орунсуз экендигин айтышат

Активисттер өлкөгө жаңы ат ойлоп тапкандан көрө, республиканын экономикалык абалы тууралуу ойлонушса болмок. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов билдирди.

Түшүндүрө кетели, «Аалам» партиясынын лидери Арсланбек Малиев мамлекеттин атын өзгөртүүнү сунуш кылат. Бул туурасында маалымат жыйынында билдирген.  

Малиев жаңы аталыштын кандай болуп угулаарын билбейт. Чамасы, аны референдумда же парламентте тандап алышат. Бирок ал «Киргизия деген жакшы угулат» деп белгиледи. Русланбек Малаевдин сөзү боюнча, бул идея «стан» деген мүчө өлкөнүн өнүкпөгөндүгүн  билдиргендиктен келип чыккан.

- Биз көчөнүн, өлкөнүн атын өзгөртө бергенден жакшы жашап кетпейбиз, - дейт Айнакулов. - Анын үстүнө биздин мамлекетибиз Кыргызстан эмес Кыргыз Республикасы.Мен буга каршымын.

Ал эми дагы бир депутат Нурбек Алимбеков Vesti.kg сайтына өлкөнүн атын эмнеге өзгөртөбүз деп жатышкандарына түшүнбөй аткандыгын айтат.

- Мага Кыргызстан деген ат жагат, Менин оюмча бул маселени көтөрбөй эле коюу керек, - деп кошумчалады ал.

Вероника Малышева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх