Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен окуясынын ардагерлеринин чыдамы кетти. Алар Бишкекте митингге чыгышты

Каржа министри алардын талабын жетинин айынын акырына чейин аткарууга убада берди

Жыл сайын төлөм алып туруу үчүн, баткен окуясынын ардагерлери каржы Министрлигин алдына митингге чыгышты. бул туурасында Vesti.kg сайтына Коомдун башчысы ардагер Сатыбек Молдалиев айтып берди.

- Баткен согушунда кайтыш болгондордун үй бүлөлөрүнө аларды эскерип туруу үчүн 5 миң сомдон төлөшчү, - деп түшүндүрөт ал. - Бирок бул жылы төлөбөй коюшту. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бул акчаны төлөгүлө деп тапшырма берген, бирок аны 10 эле адамга төлөштү. Ал эми аймактарда жашагандар болсо капкачан унутулуп калган. Эмнеге мындай болгондугун билбейм. Мүмкүн Жумабековго туура эмес маалымдап коюштубу. Биз бул маселени өзүбүз чечели деп депутаттарга, чиновниктерге кайрылдык, бирок алардын баары иш менен алек экен.

Молдалиев ардагерлер коомунун тынчтык митингине чыгуудан башка аргасы калбагандыгын кошумчалады.

- Биз каржы Министрлигине келдик, анткени мындан башка жол жок эле, - дейт ал. - Министр бизди кабыл алып, жетинин айынын акырына чейин силерге төлөй турган акчаны алып эсептешем деди. Эми күтөбүз, ал убадасына тураар бекен.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх