Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Атамбаевдин үйүнүн курулушу менен президенттин иш башкармасы алектенген

Партиядагылар Наталья Никитенконун билдирүүсүнө жооп кылышты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Алар-Арча» Мамлекеттик резиденциясынын аймагана курулган үйү мыйзамдуу. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.  

Анын сөзү боюнча, дачанын курулушу президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги астында болгон.

- Курулуш менен Жогорку Кеңештин жана президенттин иш башкармасы алектенген, - деп баса белгиледи Жолдубаева. - Премьер-министрдин колу коюлган өкмөттүн токтому чыккан. Эгерде бул курулуш мыйзамсыз болсо, анда бул мекемелер бул маселе менен алектенбейт эле да.

Эске сала кетели, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында, Наталья Никитенко Атамбаевдин дачасынын курулушуна уруксат документтери берилген эмес деп билдирди.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх