Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын элитасы аткезчиликтен киреше таап, ал ишин эч качан токтотпойбу?

REGNUM берген маалымат боюнча, 20 жыл ичиндеги Кытай менен биздин өлкөнүн ортосундагы бажы статистикасынын айырмасы 50 миллиард долларга жетти

Кыргызстандын элитасы аткезчиликти жаап, жашырып мамлекетке чоң зыян алып келип жатышат. Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 20 жылдык соода карым-катнашында 50 миллиарддык товар "эсептен сырткары" чек арадан өткөн, деп жазат REGNUM. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген өзүнүн интервьюсунда казак лидери Нурсултан Назарбаев менен болгон мамилеси тууралуу кыстыра кетти. Тактап айтканда, 2017-жылы декабрь айындагы чек аранын жабылышы аткезчиликтин айынан болгон имиш.
«Мен экөөбүздүн мамилебиздин өлкөгө таасир этээрин билген эмесмин, анткени биз бир Евразиялык экономикалык уюмдабыз да, - деди ал. - Биз кошунабыз! Бирок күчтүү коңшу сенин үйүңдөгү ишке аралашып, шайлоого таасирин тийгизип, өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтирип жатканы - келише албай турган маселе. Эгемендүү мамлекет анткенге эч кимге жол бербейт».

Ошентип, ал Назарбаевдин сөзүн лидерлердин жеке мамилесине шылтап жатат. «Чындыгында Казакстандын Атамбаевге койгон дооматы жеке ага болгон көз карашта эмес, бул олуттуу көйгөй жана аны чечпесе болбойт, - деп жазат басылма. - Бажыдагы коррупцияны эске албаганда да бул жагы ашып түшүп жатат». Мисалы, Эл аралык соода борборунун сайтында соода статистикасынын маалыматы боюнча, 2001-2017 жылдары кытайлар менен кыргызстандык бажынын статистикасынын айырмасы 50 миллиард долларды түзгөн.

«Мындай айырмачылыкты эч жакка беките албайсың, бул көз көрүнө аткезчилик. Бул товарлар Кыргызстандын элди багып аткан базарлары аркылуу башка өлкөлөргө кетет», - деп жазат REGNUM.

Биздин өлкөгө импорт алып келген Түркиянын бажылык маалыматы боюнча да ушундай эле көрүнүш сүрөттөлөт. 20 жыл ичинде биздин бажычылардын маалыматында келген товардын баасы 1, 129 миллиард долларга барабар, ал эми түрктөрдүкү боюнча 2,968 миллиард доллар. Айырмасы 1,839 миллиард долларды түзүп жатат.

АКШдан Кыргызстанга ташылган товарлар боюнча да өлкөлөрдүн маалыматтары көңүл бураарлык. Бирок, тескерисинче. «Көрсө, башка бир өлкөдөн сатылып алынган товарды америкалык деп декларациядан өткөрүп, америкалык товар деп сатышат экен, - деп түшүндүрөт REGNUM. Кылдат караган кишиге кеп эмнелер тууралуу болуп жаткандыгы көрүнүп турат: джинсы, виски же жабдуу».

Сандарды өзгөртүп жазуу менен Кыргызстандын бажы кызматынын чиновниктери бир эле Кыргызстандын экономикасына зыян келтирбестен, бүтүндөй Евразиялык экономикалык уюмдагы кесиптештерибизге да зыян келтирип жатышат. Анткени, бир эле Кытай менен соода кылуудагы мыйзамсыз акчалардын суммасы жылына 4 миллиардды түзөт. «Эгерде ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифиндеги 10% алсак, анда 400 миллион доллар жылына болуп калат, - белгилейт басылма. - Бардык бажы төлөмдөрү ЕАЭБдин жалпы фондуна кетип, андан кийин мүчө болгон мамлекеттерге таратылат. Ошондо Кыргызстандагы аткезчилик ЕАЭБдеги бардык жарандардын чөнтөгүнө кол салган болуп калат. Башкача айтканда Кыргызстан ал фонддон башкаларга караганда көп алганы аз келгенсип, аткезчиликти да жашырып жатат».

Белгилей кетүүчү нерсе,REGNUMдун эсеби боюнча, өлкөдөгү лидерлердин алмашуусу мыйзамсыз келип жаткан товарлардын агымына эч кандай таасир эткен эмес.
«Кыргызстанды ким башкарса да аткезчиликтин агымы токтогон эмес, аткезчилик элита менен уяшкан кылмыштуу топту кошо байытып турган, - деп жазат басылма. Аскар Акаевдин доорун гана бир аз өзгөчөдесек болот, анткени ал кезде агым кичинекей болчу, айырма ал кезде алты эсеге гана барабар эле. Мүмкүн, дагы толук иликтенбеген чыгар».

Мунун баары Кыргызстандын элитасы аткезчиликтен киреше таап, андан эч качан баштартпайбы деген ойго алып келет. Ошондуктан, келечекте Казакстандын дооматы арта тургандыгын күтүүгө болот.
Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх