Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каржы Министрлигиндегилер эмне үчүн маичилердин бюджети жашыруун экендигин түшүндүрүп беришти

Күч түзүмдөрү жүргүзгөн каржылык операциялар мыйзам аркылуу корголгон

 ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча Башкы башкармалыгынын бюджети жана каржылык операциялары «жашыруун» деген грифтин алдында турат. Кечээ бул жагдайга депутат Дастан Бекешев көңүл бурду.

 Өз кезегинде  Vesti.kg сайты эмне үчүн жарандар кайгуул милициясынын бюджети тууралуу маалыматка ээ боло албастыгын түшүндүрүүгө далалат кылды.

 - Бизде кызматтык колдонуу тууралуу мыйзам бар. Бирок бул маселе каржы кызматкерлерине тийешелүү, деп жооп берди ИИМ ЖКККББ жетекчилиги  Vesti.kg сайтына.

 Ал арада каржы Министрлиги Vesti.kg сайтына ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын бюджети мыйзамдын негизинде жашыруун болгондугун түшүндүрүштү.

 - Мамлекеттик сыр тууралуу мыйзам бар, ошонун негизинде күч блогунун бюджети жашыруун болуп эсептелет, - деп түшүндүрүштү мекемедегилер. Бул ИИМ,Чегара кызматы жана УКМКга тийешелүү.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Башпрокуратурадан ЖКККББнын ишмердүүлүгүн текшерүүнү өтүндү. Аны мекеменин жашыруун бюджети кызыктырды.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх