Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каптагаев: Атамбаевдин колунда мамлекет оюнчук болду

Кыргызстандын мамлекттик ишмери курултайдын катышуучуларын “Кумтөрдөгү” болуп жаткан нерсеге көңүл бурууларына басым жасады

Бүгүн биз”Кумтөрдөгү” кырдаалга маани беришибиз зарыл. Бул туурасында “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” деген курултайда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери, убактылуу өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев билдирди.

“Атамбаевдин колунда мамлекет оюнчук болуп калган, өлкөнүн өнүгүүсү анын маанайынан көз каранды болуп калган. Атамбаев эмне үчүн кетээрдин алдында мөңгүлөр тууралуу мыйзамга кол коюп кетти? Келтирилген зыяндын баасы 5 миллиард болду. Биз “Кумтөрдү” мамлекетке кайрып алышыбыз керек. Ал биздин гана элга пайда алып келиши керек. Атамбаевдин иш аракеттерине саясий жана укуктук баа берип, жоопкерчиликке тартуу керек”, - деди ал.

Ошону менен эле бирге Эмилбек Каптагаев кыргызстандыктар кландык башкарууга жол бербеши керек, антпесе мурунку окуялар кайталанып кетээрин билдирди.

Медина Купсулдаева

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх