Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте өтүп жаткан курултай боюнча резолюция кабыл алынды

Ушул сааттарда Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы жыйынтыкталууда

Курултайды алып барган Кеңешбек Дүйшөбаев жарыш сөзгө чыгып сүйлөйм дегендерди токтотуп, буга чейин 58 адам жазылганы менен 40тан ашуун жаран өз ой-пикирин билдиргенин айтты. Мындан
сырткары кат жүзүндөгү сунуштар да кабыл алынганы белгиленди. Жарыш сөз токтотулсун деп добуш берилип, курултайды жыйынтыктоочу резолюцияны кабыл алууда сөз катчылыктын мүчөсү Азимбек Бекназаровко берилди.

«Баарына сөз жетпей калды. Оюмду айтам деп келгендер ачуу сөзүн айтпай калышты.Бирок, биз курултай өткөрөбүз деген күндөн баштап бир нече жолу басма сөз жыйындарын өткөрдүк.Анда Кыргызстандын келечеги үчүн өз сунуш пикирлериңерди кат жүзүндө бергиле деп айтканбыз»-деди Азимбек Бекназаров. Курултайдын катчылыгына 300 дөн ашуун кат келгендигин айтып, элдик курултайдагы жасалган докладдар менен жарыш сөздө айтылган пикирлер эске алынып чечим чыгарылгандыгын окуп берди. Азимбек Бекназаровдун айтымында бул курултай биринчи деп аталаарын, алты айдан кийин курултайдын иши боюнча элге отчет берилет.

Биринчи курултайга 47 саясий партия, коомдук жана саясий ишмерлер жана мекенчил күчтөрдүн мүчөлөрү катышты. Курултайдын жыйынтыгын окуп жатып Азимбек Бекназаров негизги 3 маселе
боюнча залда отургандар добуш берсин деди. Биринчиси, докладдарда жана жарыш сөзгө чыккандардын пикирлерин эске алып Сооронбай Жээнбековтун бир жылдык президенттик ишмердиги канааттандырарлык деп табылсын.

Экинчиси,алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердиги канааттандырарлык эмес деп табылсын.

Үчүнчүсү, алты жыл президент болгон Алмазбек Атамбаевдин президенттик ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес деп табылсын.

Бул үч маселе боюнча аз санда гана калыс пикирди карманып, каршылар жокко эсе болгондуктан курултайдын резолюциясы кабыл алынды.

Курултайдын уюштуруучуларынын айтымында бул резолюцияга сунуштамалар кошулуп президент Сооронбай Жээнбековко жөнөтүлөт. Алты айдан соң ал сунуштамалардын аткарылгандыгы боюнча отчет алынып, курултайдын өзүнүн ишмердиги боюнча да элге отчет берилет.

Акылай Рахматулла

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх