Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Турганбаев: Кайгуул милициясы - жакшы ой

ИИМдин мурунку башчысы эмне үчүн бул долбоор биринчи жолу өтпөй калгандыгын айтып берди

Эгерде мамлекет башчысы кайгуул милициясын орнотууну өзү колдоп жаткан болсо, демек долбоор ушул жолу жемишин берчүдөй. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына ИИМдин мурунку башчысы Мелис Турганбаев бөлүштү. Анткени ал мурда ушул долбоордун демилгечиси болгон.

- Алгачкы жолу кайгуул милициясын мен түзгөм, - дейт ал. - 2012-жылы мен Бишкекте ШИИБ начальниги болуп турганымда, түнкү милиция түзүлгөн. Ошол убакта жол кыймылынын инспектору менен кошо эки кайгуул кызматынын милиционерлери бир экипажда болчу. Бул бөлүкчө түнкү эреже бузууларга каршы түзүлгөн эле. Бул көрсөтмө долбоор бир жылга жакын иштеп, өзүн өзү актады. Маң заттарды жана курал алып жүргөндөрдү кармадык, ал эми кылмыштын саны болсо азайган.

Мелис Токтомамбетович Орусия менен Казакстанда бул нерсе кабыл алынгандыгын айтты.
- Ошол убакта элдер МАИни кабыл алышкан эмес, ошондуктан биз ушундай бөлүкчө түзгөнбүз, - деп түшүндүрдү ал. - Бул иш чарага 500 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн, ага атайын техника жана жабдууларды сатып алганбыз. Бирок ошол убакта долбоор андан ары жашап кете албады, анткени убагында акчаны которуп бере алышкан эмес. бирок биз айып пулдарды 250 миллион кылып чогулткан элек. Адегенде бул акчанын бир бөлүгү кайгуул милициясына кетет деп ниеттенген элек.

Турганбаев кайгуул милициясы Казакстанда жакшы иштеп жаткандыгын белгилеп өттү.

- Эгерде өкмөт жана президент буга көңүл бөлсө, жйынтыгы жакшы болот, - деп аяктады ал.

Эске салсак, Кыргызстанда кайгуул милициясын түзгөнү жатышат. Бул тууралуу президенттин таппаратынын саясий маалымат бөлүмү билдирди.

Жумушчу топ ички иштер органынын бөлүкчөлөрүн преформалоо стратегиясын иштеп чыкты. Ал жол коопсуздугун камсыз кылат жана бул долбоордун планы Бишкекте кайгуул милициясын түзүү болуп саналат.
Реформа үч этап менен жүрөт: кадрларды конкурс менен тандап алуу, жарандардын укугу боюнча маселелерди жана жол эережелерин окутуу. Бул кызмат коррупцияга каршы механизмди көздөйт.
Бишкекте кайгуул милициясын түзүү боюнча көчмө долбоор 2019-2020 жылдары ишке ашырылууга ниет кылынып жатат. Реформадан кийин бүт өлкөнү кучагына алат.

Вероника Малышева
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх