Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азиз Суракматов салыктан акчанын көп түшүшүнө катуу аракет кылгысы келет

Бишкектин өзүнүн салык кызматы түзүлүшү мүмкүн. МСК мурдагы башчысы бир да шаар башчысы бул жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбегендигин эскерет

Бишкекте шаардык салык кызматын жана экономика, өнүгүү Департаментин түзүүнүн зыяны жок. Албетте, бул борбор шаардын экономикасына жакшы таасирин бере турган гана болсо түзүү керек. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына мурдагы Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев билдирди.

Азиз Суракматов өткөн жумада Бишкектин шаардык кеңешинин жыйынында эки муниципалдык орган түзүү сунушун киргизди.

- Эмнеге болбосун? - деди МСК мурунку башчысы. - Ички түзүмдү куруу жергиликтүү администрациянын милдети. Эгерде оң натыйжа бере турган болсо түзө берсин.
Ал эми шаардык салык кызматын Азиз Суракматов биринчи болуп ойлоп таап жаткан жок деп белгиледи Масалиев. Анын айтымында, 2013-жылы шаар башчы салык чогултуу боюнча ыйгарым укук алган.
- Ошондуктан муниципалитет ансыз деле жетишээрлик ыйгарым укукка ээ, мисалы, жер салыгын көтөрүүгө акылуу, - деп белгиледи Исхак Апсаматович. - Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мыйзамы бар да. Бирок ушуну бир да мэр колдонууга аракет кылган жок, анткени МСК алдында эч кимиси жооп берүүнү калаган эмес. Көзөмөл кылуу жакшы, ал эми плинды аткаруу боюнча жооп берүү анча жакшы эмес алар үчүн. Иса Өмүркулов 2013-жылы бул ишке ичи чыккан эмес. Салык кызматынын мурунку төрагасы Масалиев Азиз Суракматовдун жаңылыгынын жоопкерчилигин кошо тартууну каалап турганына ишене бербейт. Бишкек бүткүл республикага таркаган мыйзамдан көз карандысыз боло албайт, деп эскертти ал.

- Эгерде мэрия менен Бишкек шаардык кеңеши ушуну каалап жатышкан болсо, анда мейли, - дейт Масалиев. - Бирок мен бир нерсени баса белгилеп койгум келет, МСК алдында сөзсүз жоопкерчилиги болуш керек.
Азиз Суракматов экономикалык жана салык-бюжеттик саясат мамлекеттик органдын деңгээлде уюшулуп жаткандан кийин, муниципалитет шаардын экономикалык өнүгүүсүнө кыйындык менен таасирин тийгизет деп эсептейт.

Ошондуктан экономика, өнүгүү Департаменти шаардын экономикалык саясатын иштеп чыгышы керек. Борборду өнүктүрүүнүн программасын жана экономикалык саясатта мамлекеттик органдар менен жетиштүү деңгээлде кызматташууну камсыз кылууну иштеп чыгуусу керек.

«Андан сырткары, департаменттин иши Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө мониторинг жана анализ жүргүзүүгө багытталат. ылайыктуу бизнес жана инвестиция чөйрөсүн түзүүнү ишке ашырууда мониторинг жана анализдин өз убагында жүргүзүлүүсү, Бишкек шаарынын салыктык жана салыктык эмес кирешелеринин бюджетке өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу керек», - деп сунуш кылат Суракматов. Шаардык салык кызматы салыктын көбөйүшү үчүн түзүлөт.

«Ички ресурстарды пайдалануу менен салык төлөмдөрүнүн төлөнүшүн жакшыртууга жетишүү, - деп түшүндүрөт мэр. - Бирок бул милдет жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын компетенцисынан сырткары болот».

Белгилей кетүүчү нерсе, Азиз Суракматовдун сөзү боюнча, Шаардык салык кызматын түзүү маселесин анализдеп жана иштеп чыгара башташты. Тийешелүү долбоорлор жана сунуштар Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кароосуна киргизилет.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх