Депутат: Өкмөттүн аппарат башчысынын орун басарынын менимче,кулагы укпай калган окшойт, пенсияга кетирүү керек
Камчыбек Жолдошбаев парламентте Ашырбек Темирбаевди сындады
Өкмөттүн аппаратынын Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаевге пенсияга кетесизби деп айтышты. Бул тууралуу пленардык жыйында Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
- Биз бул жерде Ашырбек Мойдуновичке сүйлөп эле атабыз, чамасы ал укпайт окшойт, - деп белгиледи эл өкүлү. - Мен ага канча суроо берсем деле, ал жооп бербейт. Мүмкүн аны пенсияга кетирсек кандай болот? Болбосо премьерди телевизордон көрүп алып эле жакшы иштеп атат дей берет экенсиңер. Бирок ал жерде баарын көрсңтпөйт да. Биздин маалыматтарды да текшерип коюшса болмок. Балким биз отуруп алып калп айтып жаткандырбыз. Микоян деген болгон, Ленинден баштап Брежневге чейин иштеген. Ошого окшобогула. Биздин өкмөттүн мүчөсү болгула.
Өз кезегинде Темирбаев депутатка ишиндеги каталарын айтканы үчүн ыраазычылык билдирди.
- Рахмат, мен сиздин эскертүүлөрүңүздү кабыл алам, ал эми кулагымды болсо дарылатам.
Вероника Малышева
Сүрөт www