Чиновник менен сүрөткө түшүп койгондон, балдар менен майыптарга жашоо жеңил болуп кетпейт
Депутаттар кээ бир саясатчылардын оорулуулар жана кембагалдар менен сүрөткө түшкөн адаттарын сынга алышты
Эгерде социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Улукбек Кочкоров аз камсыз болгон үй бүлөлөр аны менен жоолуккандан кийин жашоолору оңолуп кетпегенден кийин, сүрөткө түшүүнүн кажети бар беле.Депутат Тилектеш Исаевдин ою ушундай экен (КСДП).
- Мен мындай нерсени жактырбайм, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Министрдин кызматы аткаруу бийлигине кирет, ал депутат эмес да. Анын кызматы административдик болгондуктан, көбүнчө мекеменин ичинде иштеши керек. Ар жакка чыгып эмне кылат? Анын үстүнө анын жоолукканынан акыбал өзгөрүп кетпесе, сүрөткө түшүп эмне кылат? Баары билет го муну.
Исаевдин кесиптеши Анвар Артыков (КСДП) Vesti.kg сайтына мунун эч кандай упай топтой турган нерсеси жок деп эсептейт.
- Менин буга көз карашым бир аз башкача, - деп белгиледи ал. - Албетте, бул пиар дегилечи. Бирок эч кандай деле коркунучу жок. Жакшы жагы да, жаман жагы да жок мунун.
Ал эми Тазабек Икрамов («Онугуу-Прогресс») болсо, тескерисинче, анын калк менен жоолугушуусунун сүрөтү Улукбек Кочкоровдун ишинин ажырагыс бир бөлүгү деп эсептейт. Ошондуктан анын сүрөтүн талкууга алуу туура эмес. - Ал деген министр да, - деди депутат. - Ал элдер менен жоолугуп, угуп, жардам бериши керек. Бул сүрөттөн жаман эч нерсени көргөн жокмун.
12-жетинин айында социалдык өнүктүрүү жана эмгек министри Улукбек Кочкоров Бишкектин четинде жашаган кембагал үй бүлөлөрдүн акыбалын сурап, жоолугушкан. Мекеменин маалымат кызматы аз камсыз болгондор жөлөк пул албай жаткандыгын көрүү үчүн баргандыгын айтышты. Депутат Иса Өмүркулов аз камсыз болгондор менен түшкөн сүрөтү үчүн Улукбек Кочкоровду жекирди.
«Сиз өткөндө ал үй бүлөлөргө барып сүрөткө түшүп, чыгардыңыз,- деп кызыкты ал. - Бир жылдан кийин ал үй бүлөнүн акыбалы оңолуп кетеби?».
Министр жок деп жооп берди.
Өмүркулов мындай курч маселелер менен ойнобоого чакырды.
«Мындай пиар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга катуу тийет, - деп эскертти ал. Этият болуу керек бул маселеде».
Эске салсак, 2017-жылы бештин айында ошол убактагы премьер-министр Сапар Исаков да мын ушундай сынга кабылган эле. Анткени, Жалалабатта 1-топтогу майып Айжаңыл Семетееванын үйүнө бут кийими менен кирип барган.
Тогуздун айында болсо, исаков жан жөкөрлөрү менен Ак-Суу районундагы балдар үйүнө бут кийимчен кирип барган. Ошол учурда балдар үйүндөгүлөр үйдүн ичинде кийүүчү бут кийимчен жүрүшкөн болчу.
Ольга Федорчук
Сүрөт www