Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев өкмөт эмне үчүн 14 миң меш сатып алып жана таркатууну чечкендигин түшүнө албайт

Депутат шайлоочулар андан бир да жолу меш сурабагандыгын белгиледи

Өкмөттүн 14 000 меш сатып алып, кембагалдарга таркатуусу - болбогон нерсе. Ушундай деген оюн Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин дептутаты Дастан Бекешев билдирди.

- Бул долбоор, тилекке каршы, кечээ биринчи окууда кабыл алында, - дейт ал. - Мен аны таптакыр керексиз деп ойлойм. Максатсыз эле грант алып, аны ушундай жол менен коротобузбу. Андан көрө ошол мештерди кандайдыр бир социалдык обьекттерге койбойлубу. Жөн эле тарката беребизби. Шайлоочулар менден бир да жолу ме сураган эмес. Бул көйгөйдү кайдан таап чыгышкандарын билбейм.

Кечээ Бекешев Twitter соц.тармагында өкмөт 357 доллардан турган меш сатып алганы жатат деп жазды.

«Ар бири 357 доллар турган 14 000 меш сатып алып, кембагалдарга таркатканы жатат. уурдап жатышкандарын билип эле турам. Кайсы акылдуу ойлоп тапты экен мындай грантты», - деп нааразы болот.

Түшүндүрө кетели, кечээ Жогорку Кңеште биринчи окууда жылуулук берүүнү жакшыртуу долбоору боюнча Эл аралык өнүктүрүү бирикмеси менен түзүлгөн келишимди ратификациялоомаселеси биринчи окууда каралды. Документке ылайык, Кыргызстанга 46 миллион доллар бөлүнүп берилет, анын жарымы кредит болот. Бул каражатка «Бишкекжылуулуктармагы» 2 километрге созулган жаңы түтүктөрдү сатып алат, ал эми өкмөт болсо 14 000 меш сатып алат да, аларды кембагалдарга таркатат. Бирок чындыгында үй бүлөлөр мештин акчасынын 30% төлөшү керек. Аймактарга таркатууну көздөп жатышат. Бирок, бул идея депутаттар тарабынан шек туудурду. Дастан Бекешев Эл аралык өнүктүрүү бирикмесине кайрылып, биздин депутаттарды кийин күнөөлөбөгүлө, анткени бул сумманы алар жөн эле жеп коюшат деди. Дагы бир Жогорку Кеңештин депутаты Байбакпаевдин оюнча, бул долбоор күлкү келтирээрлик.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх