Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы чекисттер УКМКнын визасыз режим киргизүүдөн сактануусун колдошту

«Теракт болуп кетүү коркунучун эске алышыбыз керек, антсе, туризмдин иши бүтөт»

Экстремисттердин Кыргызстанга кирүү коркунучу дагы эле бар жана туризмдин бир аз акчасына кызыгып, жарандарыбызды коркунучка кептеп койбошубуз керек. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына КР УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бөлүштү.
Мурдагы чекист депутат Дастан Бекешев менен коопсуздук комитетинин өкүлүнүн ортосундагы талкууга комментарий берди. Маселе кээ бир өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүү мөөнөтү теракт коркунучун көбөйтпөйбү деген теамада болчу.

Коопсуздук кызматынын өкүлү Сириядан кайткан согушкерлер Европа өлкөлөрүнүн жарандыгын алып келишээрин эскертти. Ал эми депутат Бекешев болсо Грузиянын визасыз режимин мисал кылып сүйлөдү.

- Грузия менен Кавказды Орто Азия менен салыштырууга болбойт, - деп белгиледи Иманкулов. - Ар бир өлкөнүн өзүнүн саясий-аскердик кырдаалы бар.

Ал туристтерди визасыз режим менен кызыктыруу аздык кылаарын, андан көрө банк системасын, коопсуздукту, экономиканы, инфраструктураны оңдоону айтты. Туризм гүлдөп аткан Сирияда да Орусиялык учактын Синайдагы кыйрашы туристтердин агымын бир канча убакытка болсо да бууп салды.

- Коопсуздук биринчи орунда болуш керек, - дейт Иманкулов. - Эгерде терактка жол берип койсок, туризмдин иши бүтөт ошо менен. Анан ким келет бизге? Күч блоктору ушуну эске алышы керек. Жарандардынүстүнүн эксперимент жасоо катачылык.
УКМКнын экономикалык коопсуздук башкармасынын мурдагы начальниги Максат Мамытканов ислам бизде эң көп таркаган дин болгондуктан, бизди Грузия менен салыштырууга мүмкүн эмес дейт. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү түзүлгөн кырдаал алтургай светтик деп эсептелген жарандардан да шек саноого мажбурлап жатат, - деп айтты ал Vesti.kg сайтына.

- Эксперттик прогноз түзүп, мамлекеттердин кайсынысында терроризм өөрчүп жаткандыгын жана кайсы жерде коопсуз экендигин байкоо керек, - деп улантат эксперт. - Ошондо кээ бир мамлекеттердин туристтери үчүн визасыз режимди узагыраакка чейин кылууга болот. Бирок бир жагынан күч түзүмдөрү бул 60 күндүн ичинде Кыргызстанга террористтер келип калат деп коркушат. Азыркыдай 30 күн террористтерге аздык кылабы анда?

Эске сала кетели, Vesti.kg сайты УКМКнын өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында кээ бир мамлекеттердин туристтери үчүн визасыз 60 күн жүрүүгө каршы экендигин билдирген.
- 30 пайыз Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Сириядагы согущтан кайтып келишти, кай бир бөлүгү согуштук аракеттер учурунда өлдү, кайсы бир бөлүгү исламды кабыл алды, - дейт ал. - Алар Франциянын, Германиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары болчу. Визасыз режим киргизүү менен бирге, биз аларды алдын ала текшере албайбыз.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Дастан Бекешев болсо Грузияда визасыз режимден теракт болгон жок го дейт. Депутат террорист Франциядан Кыргызстанга келишине ишенбейт.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх