Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чолпон Жакупова: «Сот системасы сөзсүз түрдө оңолууга тийиш»

Сот процесстерине өз баасын берүү мүмкүнчүлүгүнө катышуу иш-чарасы 2018-жылдын 10-декабрында башталат

Үстүбүздөгү жылдын август айында Кыргызстандын 5 сотунда сот процесстеринин катышуучулары арасында пилоттук негизде сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага катышкандар соттордун адилеттүүлүгүнө баа беришип, сот системасынын ишмердиги боюнча өз ой пикирлерин анкета толтуруу аркылуу билдирген.

Изилдөөлөрдүн максаты - сот процесстеринин катышуучуларынын судьялардын ишмердиги боюнча канааттануусунун деңгээлин билүү жана сот системасы кайсы жактан жакшырыш керектигин аныктоо болуп саналат.

«Мындай изилдөөлөр Кыргызстанда биринчи өткөрүлүп жатат. Жогорку сот менен судьялар корпусу өз ишмердигин анкета аркылуу ачык баалатууга даяр болгон аракети сот системасынын мындай кадамга бышып жетилгенинен кабар берет», - дейт белгилүү юрист Чолпон Жакупова.

Сот процессинин катышуучулары судьялар корпусуна жакпаган баа бериши мүмкүндүгүн айткан Чолпон Жакупова сурамжылоо анкетасы толукталып, такталып аягына чейин иштелип чыгышын колдой тургандыгын кошумчалады.

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова сунушталган анкета боюнча сын пикирин айтып, анда соттордун көз карандысыздыгынын деңгээлин көрсөткөн суроолорду көрө албадым деди.

Соттор процесске катышам деген угуучулар менен байкоочулардын санын негизсиз азайтып же такыр эле алардын катышуусуна каршы болуп залдан чыгарып жиберген мисалдар көп.

Өзгөчө саясий өңүттө каралган сот процесстеринде анын катышуучуларына документтер менен таанышып чыгууга такыр эле убакыт берилбегендиги айтылды. Бул жагдайда соттор ишти бир тараптуу карап, адилетсиз чечимдерди кабыл алууда.

«Кабыл алынган чеимдер боюнча судья басма сөз кызматы аркылуу коомчулукка түшүндүрмө бериш керек», -деди Чолпон Жакупова. Анын айтымында негизсиз чечимдер менен адилетсиз өкүмдөр боюнча судьялар коомчулукка түшүндүрмө бербей келишет.

«Адилет» укуктук клиникасы изилдөөлөр боюнча өзүнүн кошумча ой пикирин талкуунун катышуучуларына сунуштады. Айтылган ой пикирлер менен сунуштар изилдөө анкетасына кошула тургандыгы маалым болду.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх