Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юрист: Атамбаевге карата чыгарылган мыйзам артка кайтарылбайт. Анын кол тийбестигин ала берсе болот

Конституциялык палатанын төрагасынын үстүнөн арыз жазганы жатышат, анткени ал өлкөнүн негизги мыйзамын туура эмес жооруп жатат

Белгилүү жактоочу Икрамидин Айткулов Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыровдун үстүнөн арызданат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына юрист өзү билдирди.

- Эркинбек Мамыров журналисттерге Атамбаевдин кол тийбестиги тууралуу интервью берди.
- Бирок ал келечекте муну Коституциялык палата караарын айта алган жок. Ал «Президенттин макамы тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизип, биз мындан аркы гана президенттердин кол тийбестигин ала алабыз деди, башкача айтканда Атамбаевдин кол тийбестигин ала албайбыз деген сөздү айтты.

Жактоочу муну Башмыйзамды туура эмес жолдоо деп эсептейт.
- Мамыров мырзанын Башмыйзамды туура эмес жоорушу таң калыштуу, ал өзү бул мыйзамды коргойт го, - деп белгиледи юрист. - КР азыркы Башмыйзамынын 28-беренесинде мыйзам артка кайтарылбайт деп көрсөтүлгөн. Бул көрсөтүлгөн норма боюнча кеп бир гана кылмыш мыйзамы тууралуу болот дегенди билдирет. Ал эми Кыргыз Республикасынын азыркы жана мурдагы президенттердин кол тийбестиги - процессуалдык. Ал эми процессуалдык мыйзамдар дайыма иш аракеттердин учурунда гана колдонулат. Ошондуктан дептутаттар демилгелеген түзөтүү киргизүү боюнча Алмазбек Атамбаев кылмыш жообуна тартылышы керек. Мен Кыргыз Республикасынын жараны катары Кыргыз Республикасынын соттор Кеңешине кайрылып, Мамыровдун ээлеген кызматына татыктуулугу тууралуу сурайм.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх