Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан Батыштын койгон санкцияларына каршы жооп берүүдө Орусияны колдоого милдеттүүбү?

Москва расмий түрдө ЕАЭБ боюнча уюмдаштарынан колдоо сурады

Орусияга каршы коюлган санкциялар Кыргызстанга таасирин тийгизет, бирок биздин мамлекетке башка мамлекеттердин араздашуусуна кийлигишүүгө болбойт. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов билдирди.

- Орусияга каршы коюлган санкциялар РФ социалдык-экономикалык абалын начарлатып жатат, өз кезегинде Кыргызстанга да мунун таасири тийбей койбойт, - деди ал. - Орусия дагы эле сырьё ийнесинде отурат, ошону менен бирге Орусиянын нефтини сатуу рыногу өтө эле чектелүү. Орусия нефти өндүрүмдөрүнүн баасын көтңрүшү толук мүмкүн, бул Кыргызстанга түздөн түз таасир этет.
Бизге Казакстандан нефти сатып алуу жолу гана калат.

Бирок, Асылбек Нургазиевич Кыргызстандагы акыбалды эске алганда да, санкцияга каршы иш араккетти колдобоо керек деп ырастайт.

- Биз эгемендүү мамлекетпиз, кандай болуп бараткан күндө да, Кыргызстандын белгилүү бир милдеттери бар, интеграциялык топтун мүчөсү катары бизге уюмдаштардын көйгөйү бизге тийешелүү эмес, - деп белгиледи ал. - Батыш өлкөлөрү жана АКШ тарабынан ЕАЭБке жана Кыргызстанга эч кандай дооматтар жок. Ошондуктан биз бул жаңжалга кийлигишкенге акыбыз жок. Ал көйгөйдү жалгыз Орусия өзү чечиши керек. Кыргызстандын карызы чачтан көп экендигин эстен чыгарбообуз зарыл. Анткени батыштын карыз берген өлкөлөрү биздин карыздарга мөөнөттү узартып берип жатышат, эгерде санкция каршылыкты колдосок, анда бизден карызды зыкылдатат сурашат. ошондо Кыргызстанга кыйын болуп калат.

Өз кезегинде саясатчы Марс Сариев Орусия ЕАЭБден санкцияга каршы колдоо сурап ойлонулбаган кадам жасады дейт.
- Мындай билдирүү менен Орусия өзүнүн корккондугун билдирип салды, дейт ал Vesti.kg сайтына. ЕАЭБдин бир да өлкөсү бул сунушту колдобойт. Орусия Батыштын ар кандай кадамга бара тургандыгын түшүнүшү керек. Эгерде Орусия ШКУ тараптан колдоону сунуш кылса бир жөн эле. Ал башка масштаб болчу. Ал эми азыр болсо Москва өзүнө өзү кылып жатат.
Түшүндүрө кетели, РФ өкмөтүнүн аппарат башчысынын биринчи орун басары Сергей Приходько журналисттерге ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңештин экономикалык комиссиясына үчүнчү жактын иш аракетине каршы жамааттык чара көрүүнү карап көрүү тапшылырылгандыгын айтты. Бул тууралуу ТАСС билдирет.
Приходько «Орусига каршы коюлган санкциянын көйгөйү уюмдун башка мүчөлөрүнө да таасирин тийгизбей койбойт» деп белгиледи. «Бул тема 2017-жылы тогуздун айында жана 2018-жылы бугу айында Евразиялык экономикалык кеңештин жогорку жыйынында Сочиде талкууланган. Бул көйгөйдү чечүүгө жалпылап киришүүнү маанилүү деп эсептейбиз», - деп баса белгиледи ал.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх