Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чаткалдын Ак-Терек айылында митинг өтүп жатат (видео)

Чаткалдын Терек-Сай айыл аймагында бүгүн таң эртең менен 400гө жакын жашоочулар чогулуп, жер казып иштеген Түркиялык компаниянын кетишин талап кылышууда

Өзүнүн коопсуздугунан коркуп ысымын атагысы келбеген Памир (ысымы өзгөртүлдү) аттуу жигит Vesti.kg сайтына чалып таң эртең менен   Ак-Терек айылына 400гө чукул жергиликтүү жашоочулар чогулганын кабарлады.Анын айтымында буга чейин жайлоодо малын багып жүргөн жаранды Ак-Теректе кен казып иштеп жаткан Түркиялык “Эти Бакыр” компаниясын кайтарган коопсуздук кызматынын жигиттери ур-токмокко алышкан.Ызага чыдабаган жаран  классташтарын чакырып, барып ал кызматкерлерге жообун беришкен.

Жалал-Абад областынан барган милиция кызматкерлери ошол урган балдарды кармап, алып кетишкени маалым болду.Бүгүн Терек-Сай айыл аймагынын 400гө жакын жашоочулары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы алып кеткен балдарды чыгаруусун талап кылып митингге чыгышкан.

Vesti.kg сайтына маалымат берген Памирдин айтуусунда буга чейин да митингге көп жолу чыгышкан. Анткени, “Эти Бакыр” компаниясы Чаткалдын Терек-Сай айыл аймагындагы кен казылчу жайды 20 жылга сатып алып,учурда алтын,күмүш жана сурма сыяктуу 20 га жакын аталыштагы баалуу кендерди казып жатышат. Мындан сырткары,Түркиялык компания Терек-Сай айыл өкмөтүнүн аймагына казылып алган кенди иштетүүчү завод куруу тилегин билдиргенде жергиликтүү эл каршы болгон.

 Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх