Мурдагы тышкы иштер министри үйдү бала бакчага кайтарымсыз кылып берип жиберген
Аликбек Жекшенкулов көрүнүктүү саясатчыларды жана ишкерлерди өзүнөн үлгү алууга чакырат
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Нарын облусунун Кочкор айылындагы атасынын үйүн бала бакчага биротоло берип жиберген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясатчы өзү айтып берди.
- Мен көр дүнүйөгө философиялык көз караш менен карайм, - дейт ал. СССР урагандан кийин Кыргызстанда балдардын тарбиясына эч ким маани бербей калды. Көп бала бакчалар жоюлуп кетти. Эми болсо кийинки муундун келечеги тууралуу ойлоого убакыт келип жетти. Анын үстүнө мындай чечим кабыл алууга Нарын областынан чыккандарды бул аймакты көтөрүүгө үндөгөн президенттин чакырыгы кошумча болду. Мен Кочкордо туулганмын да.
Аликбек Джекшенкулович өзүнүн анчалык бай эмес, бирок жетиштүү жашаарын белгиледи.
- Үй бүлөм менен кеңешип туруп, атамдын үйүн бала бакчага берип салганды туура көрдүм, - дейт ал. - Биз ушуну менен эле токтобойбуз. Жергиликтүү бийликтин баалашы боюнча, үйдүн баасы 4 миллион сом болот экен. Бирок мен демөөрчүлөрдү таап келип, бул бала бакчаны үлгү боло турган кылып жасатам. Анткени Кочкор районундагы 70 миң калкка бир гана бала бакча бар экен. Мен саясаттын жана бизнестин тың чыкмаларын өз айылдарынын жана ошол аймактын көйгөйүн чечүүгө көңүлдөрүн буруп кетким келет. Бакыт акча менен өлчөнбөйт эмеспи. Биз жашап жана дем алып жаткандан кийин жардам кылышыбыз керек.
Вероника Малышева
Сүрөт www