Кандай дейсиңер, Мурат Суталинов жетишээрлик эле азап тарттыбы?
УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталиновду жакында бошотушат. Консилиум болот
Дарыгерлердин маалыматы боюнча, камактагынын акыбалы оор
УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов 2010-жылы 7-чын курандагы иш боюнча камалган болчу, аны жакында коё бергени жатышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ЖАМК маалымат кызматы билдирди.
Өлкөнүн мурдагы башкы чекисти катуу ооруганына байланыштуу мунапыска туш болушу мүмкүн, анткени Суталиновдун бөйрөгүндө рак оорусу бар деп белгиленет.
- Учурда анын ден соолугу дарыгерлердин айтуусуна караганда катуу оор, - деп маалымдашиы жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынан. - Бошотууга корутунду чыгара турган оорулардын тизмелери бар. Суталиновдун оорусунун аныктамасы бул тизмеде бар.
ЖАМКлар консилиум өткөрүү ниеттелип жаткандыгын кошумчалашты, ошонун жыйынтыгы менен УКМКнын мурунку башчысынын бошотулушу чечилет.
Эске салсак, Мурат Суталинов 20 жылга эркинен ажыратылган болчу.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www