Депутат кыргызстандыктар үчүн тиричилик техникаларын сактап бере турган мыйзам ойлоп тапты
Эгерде түзөтүүнү кабыл алышса, анда электркамсыздоонун сапаты жакшырмак деп ишенет эксперт
Бөлүштүрүүчү компаниялар кыргызстандыктарга сапатсыз электроэнергиясын берип жатат, ошондуктан мыйзамга түзөтүү киргизишсе, балким кырдаал бир аз оңолоор. Мында деген пикирин Vesti.kg сайтына энергетика жаатынын эксперти Расул Үмбөталиев билдирди.
Түшүндүрө кетели, депутат Кенжебек Бокоев «Электроэнергетика тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорду коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. Бөлүштүрүүчү компаниияларына алардын тейлеген аймагындагы кардарларды камсыздоо, ошондой эле алыскы аймактагы электркамсыздоо кардарларын тейлөө милдеттерин тагуу көздөп жатышат.
Ошону менен бирге бул мыйзам долбоор кардарларга энергожабдыктарды өз алдынча сатып алып орнотууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай болгон учурда, бөлүштүрүүчү ишкана алты айдын ичинде кардарлардын материалдык чыгымдарын жана электрожабдыктарды орнотууга кеткен чыгымдарын өз жандарынан төлөп бериши керек, же болбосо аларга электр энергиясын берилген энергожабдуунун баасынын эсебинен бериши керек болот.
- Анткени биз сапатсыз товарга акча төлөп жатабыз, токтун күчү, туруктуулугу жана чыңалуусу жөнүндө сөз болуп жатат, - деп түшүндүрдү эксперт. - Ошондуктан үйдүн жашоочуларын электркамсыздоонун сапаты канааттандырбаса, алар өздөрү жабдуу сатып алып, ошондой балекеттен кутулушса болот. Демек, ошондо тиричилик техникалары иштен чыкпайт ошондо. Кийин бул жабдууну бөлүштүргүч компания сатып алуусу мүмкүн. Менимче, бул долбоордун терс жактары жок болсо керек деп ойлойм.
Вероника Малышева
Сүрөт www