Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмир Чукуевдин кызматтан кетиши Жогорку Кеңешке бир кылка эмес таасирин тийгизди

Айрым бир депутаттар «Манас» аэропортунун кирешеси мындан эки эсеге көп болушу керек эле дешет. Кээ бирлери болсо, жакшы жетекчини жоготтук дешет

«Манас» аэропортунун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуев кэ бир нерселерди эсепке албаганда жакшы эле иштеди. Мындай деген ойду Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин унаа, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү Калдарбек Баймуратов бөлүштү.
- Албетте, биз аны кээде сындачубуз, анткени менен ал жакшы жетекчи болчу, - деп белгиледи ал. Жалалабатта, Ошто ал жетекчи болуп турганда аэропорттор иретке келтирилген. Мирлан Бегалиевди болсо, мен жакындан билбейт экенмин, анан кесипкөйлүгү тууралуу эч нерсе айта албайм.

Өз кезегинде тийешелүү комитеттин дагы бир мүчөсү депутат Махабат Мавлянова Vesti.kg сайтына «Манас эл аралык аэропорту» ААК иши акыркы убактарда жакшы болбой калгандыгын айтты.

- Мен мурда «Манас» аэропортунун кирешеси түшүп жаткандыгын эскерткен элем, - деди ал. - Жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү, бирок киреше жок. Киреше бир гана аэропорттун төлөмдөрүнөн түшүп калды, тариф болсо 30% көтөрүлдү. Чындап келсе, «Манас» аэропортунун кирешеси эки эсеге көбөйүшү керек эле. Эми жаңы жетекчи жакшы иштесин деп тилеп туралы.

Эске сала кетсек, Vesti.kg сайты мурдараак «Манас» аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматтан кеткендигин жазаган эле. «Манас эл аралык аэропортунун» башкаруу төрагалыгынын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды.

Белгилүү болгондой, Бегалиев «МЭА» ААК башкаруу мүчөсү болуп эсептелет, ошондой эле ал компаниянын юридикалык бөлүмүн башкарган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх