Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бизди эл мактасын». Премьер сыйлык берүүнү чечкен депутаттардын жообу

Эл өкүлдөрү «парламентаризмге кошкон салымы үчүн» сыйлыкты күтүшкөн эмес

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым депутаттарды «парламентаризмге кошкон салымы жана мыйзамдарды жакшырткандыгы үчүн» сыйлады. Ал бул тууралуу жарлыкка 2018-жылдын 22-жетинин айында кол койгон, деп жазат ЖМК.

Адак грамоталары Мирлан Бакировго («Өнүгүү-Прогресс»), Сайдолимжон Жураевге (СДПК), Талайбек Масабировго («Кыргызстан»), Эльвира Сурабалдиевага (СДПК), Таабалды Тиллаевге («Республика – Ата-Журт»), Эмил Токтошевге («Ата Мекен»), Рада Тумөнбаевага («Республика – Ата-Журт»), Абылкайыр Узакбаевге («Өнүгүү-Прогресс») жана Абдумажит Юсуровго («Өнүгүү-Прогресс») тапшырылышы керек.

Эл өкүлдөрү мындай сыйлык тууралуу укпагандыктарын айтышты. Бирок Vesti.kg сайтына аларга бул сыйлык жагымдуу белек болгондугун айтып беришти.

- Сиз мени таң калтырдыңыз, - деп жооп берди Vesti.kg сайтына Эльвира Сурабалдиева. - Бирок, менин оюмча, сырттан караган адамга менин кылган иштерим тууралуу айтуу кыйын. Андан көрө элдерден сурап көлгүлө менин иштерим тууралуу. Ошолордон сурагыла, мен бул сыйлыкка татыктуумунбу же жокпу деп. Бул тууралуу элдердин же премьер-министрдин айтканы дурус.

Сайдолимжон Жураев да мындай сыйлыкты күткөн эмес экен. Ал Vesti.kg сайтына мындай бааны жана сыйлыкты алганына жетине албай апкаарып аткандыгын айтып берди.
- Берип атышкан соң, татыктуу болсом керектир да, - деди анын кесиптеши Рада Түмөнбаева Vesti.kg сайтына. - Бирок менин оюмча, өзүн өзү мактаган болбойт, андан көрө эл мактасын.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх